Киевде Президенттин кеңсеси алдында кагылышуу болду

Украина Президентинин кеңсе имаратынын алдында «Оңчул сектор» лидерлеринин бири Сергей Стерненкого чыккан өкүмгө нааразы улутчул партиялар менен кыймылдардын миңдеген тарапташтары полиция менен кагылышты.

Маалыматтарга караганда, имарат алдында полиция курчоосун бузуп өтүүгө аракет жасаган нааразы топ файер менен петардаларды ыргытты. Полиция болсо көздөн жаш агызуучу газ колдонду. Канча адам кармалганы жана жараланганы белгисиз.

Буга чейин Одесса соту «Оңчул сектор» уюмунун (Орусияда экстремисттик уюм деп таанылган) жергиликтүү бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Сергей Стерненкону киши уурдады жана кыйноо көрсөттү деген айып менен 7 жыл 3 айга соттогон.

Стерненко 2015-жылы шериктери менен бирге жергиликтүү кеңештин депутаты Сергей Щербичти уурдап кетип, аны бошотуу үчүн 300 миң гривен (10 миң доллардан ашык) талап кылганы кабарланган. Шектүү айыптоолорду четке кагып, өзүн саясий өч алуунун курмандыгы деп атаган. Сот өкүмү чыккан соң ал телеграм-каналы аркылуу элди 23-февралда Киевде Украина президентинин кеңсесинин алдында нааразылык акциясына чыгууга үндөгөн.

Сергей Стерненко Евромайдандын Одессадагы лидерлеринин бири, 2014-жылы Киевдеги Майданга катышкан, андан соң «Оңчул сектордун» Одессадагы бөлүмүн жетектеген.

2018-жылы ага үч жолу кол салуу болгон, бир жолу чабуул жасаган киши бычак жаракатынан көз жумган. Стерненко коргонууга мажбур болгонун айткан. Полиция кол салган кишинин өлүмүн атайлап киши өлтүрүү катары тергөөдө. Бул иш боюнча «Оңчул сектордун» лидерлеринин бири жеке кепилдик менен бошотулган.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты