​Болот Темиров АКШ мамдепартаментинин коррупцияга каршы күрөшүү боюнча алгачкы сыйлыгына татыды

АКШнын мамлекеттик департаменти Facheck.kg сайтынын баш редактору Болот Темировду дүйнө жүзү боюнча ачыктык жана отчеттуулук үчүн күрөшүп келген 12 адам менен катар коррупцияга каршы күрөшүү боюнча алгачкы сыйлыктын ээси деп жарыялады.

Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилиги билдирди.

Элчи Дональд Лу АКШнын Бишкектеги элчилигинде Темировго сыйлык тапшырып жатып мындай деди:

“Уюшкан кылмыштуулук жана коррупция – бул бир медалдын эки тарабы, жана Болот Темировдун иши экөөнүн тең бетин ачып турат. Кыргыз эли Болот сыяктуу эр жүрөк журналисттер укук коргоо органдарынын Райымбек Матраимов жана Камчыбек Көлбаев сыяктуу адамдарды кылмыштары үчүн жоопко тартуу максатында жүргүзгөн иш-аракеттерин колдойт деген ишенимге ээ болушу керек” деп белгилеген.

Сыйлыкты кабыл алып жатып, Factcheck.kg-нин баш редактору Темиров:

«Мен бул сыйлыкты алган дүйнө жүзү боюнча алгачкы 12 кишинин катарына киргениме сыймыктанам. Эңбашкысы, Кыргызстан бүткүл дүйнөгө таанылып жаткандыгына кубанычтамын. Коомдогу терс көрүнүштөргө каршы күрөшүп жатканыбызды жана бийликтин ачык иш алып барууга бет алып, отчеттуулугун жогорулатуу жолуна түшкөнүн бүткүл дүйнө билет. Кыргызстандык жалпыга маалымдоо каражаттары өлкөнү жакшы жакка өзгөртө ала турган көзкарандысыздыктын жана эрдиктин деңгээлине жете алды» деди.

Америка Кошмо Штаттары дүйнө жүзүндөгү коррупциянын туруксуздаштыруучу кесепеттери тууралуу кабардар, жана ага каршы күрөшүүнү биринчи кезектеги милдети катары тааныйт.

АКШ өкмөтү 1 миллиард доллардан ашык коррупциялык каражаттарды конфискациялап жабырлануучу өлкөлөргө, ийгиликтүү кайтарып берген.

2020-жылы эле Америка Кошмо Штаттары 41 коррупциялашкан чет өлкөлүк мамлекеттик кызматкерди аныктап, алардын жана алардын үй-бүлөлөрүнүн АКШга кирүүсүнө, анын ичинде Райымбек Матраимовго мүмкүнчүлүкбербей койгон.

Кошмо Штаттар Камчыбек Көлбаевдин кылмыштуу тармагын үзгүлтүккө учураткан маалымат үчүн 1 миллион доллар сыйлык сунуштоодо. Америка Кошмо Штаттары Кыргыз Республикасында жана бүткүл дүйнө жүзүндө коррупцияга жана уюшканкылмыштуулукка каршы күрөштү колдосун улантат.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты