​Израилдин тажрыйбасы Pfizer вакцинасынын натыйжалуулугун көрсөттү

  • 3 года мурун

Израилдин тажрыйбасы Pfizer менен BioNTech корпорацияларынын COVID-19га каршы вакциналарынын натыйжалуулугу 95 пайыздан жогору экенин көрсөттү.

Бул тууралуу Израилдин саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Министрликтин маалыматына караганда, вакцинанын эки дозасын алгандар арасында коронавирус жуктургандардын көрсөткүчү эмдөөдөн өтпөгөндөргө салыштырмалуу 95% аз болгон.

Эмдөө алдындагы клиникалык сыноо учурунда да вакцинанын натыйжалуулугу 95% түзгөн.

Израилде ушул тапта өлкө калкынын дээрлик жарымы вакцинанын бир дозасын, 2,9 миллион киши – 30% эки дозасын сайдырды. Эмдөө балдар арасында жүргүзүлө элек. Бийлик чоңдорду марттын аягына чейин эмдеп бүтүрүүнү пландоодо.

Өлкөдө коронавируска чалдыгуу боюнча 744 миңден ашык учур катталып, 5526 киши бул оорудан улам каза болгон. 21-февралдын таңындагы маалыматка караганда, бул өлкөдө акыркы күн-түнү коронавирус менен байланыштуу жаңы оорулуу катталган эмес.

Израиль бийлиги акырындык менен карантин чараларын жумшартууда. Премьер-министр Биньямин Нетаньяху эмдөөдөн өткөндөргө ресторанга, маданий иш-чараларга барууга, чет өлкөгө чыгууга уруксат бериле турганын айтты.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты