​Райымбек Матраимов эки айга камалды

  • 3 года мурун

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов эки айга камалды.

Бул тууралуу чечимди Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту чыгарды.

Матраимов УКМК тергөө абагына камалды.

18-февралда мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов кирешелерди адалдаштырууга байланыштуу кармалган.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 11-февралда Райымбек Матраимовду «Коррупция» беренеси менен күнөөлүү деп таап, 260 миң сом айып пул чегерген. Ал Бажыда коррупциялык схема түзгөнүн моюнуна алып буга чейин бюджетке 2 млрд. сом төккөн.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты