​Финпол экс-жетекчиси Бакир Таиров үй камагына чыгарылды

  • 3 года мурун

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын экс-жетекчиси Бакир Таировдун бөгөт чарасын 17-февралда карап, эч жакка чыкпоо шарты менен үй камагына чыгарды.

Бул тууралуу Биринчи май райсотунун басма сөз кызматы билдирди.

Бакир Таиров ири суммада акча алууга шектелип кармалган.

УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Таиров иштеп жаткан учурда мамлекеттик органдардын биринин жетекчисинен ири суммада акча каражатын алганын аныктаган. Маалыматта финполдун экс жетекчиси ири сумманы берүүгө мекеме жетекчисин 2020-жылдын октябрь айында өткөн Жогорку Кеңешке шайлоо алдында партиялардын бирин каржылоо үчүн деген шылтоо менен мажбурлаганы белгиленген.

Бакир Таировдун мамлекетке 20 млн сом төлөп бергени кабарланды.

Буга чейин 24.kg агенттиги өз булагына таянып, Бакир Таиров өлкө бюджетине 20 млн сом төгүп, жакында үй камагына чыгарын жазган. Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты