​Кытай Эл Республикасы бекер бере турган вакцина жөнүндө эмнелер белгилүү?

2021-жылдын 5-февралында, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэньди кабыл алган. Жолугушууда, Ду Дэвень, КЭРдин Өкмөтү биринчилерден болуп Кыргызстанга COVID-19 илдетине каршы кытай вакцинасын бекер берет деп айткан. Бирок, сүйлөшүүдө ал кайсы вакцина экени жана Кыргызстанга качан келээри тууралуу айтылган эмес.

Бул кабар Фейсбук колдонуучулары арасында талкуу жаратып, вакцинанын эмне себептен бекер берилип жатканына кызыгышкан.

ПолитКлиника медиасы Кытай вакциналары тууралуу маалымат чогултуп көрдү.

Кытайдын алдыңкы 3 вакцинасы

Covid 19 илдетине каршы Кытай Эл Республикасында бир канча вакцина клиникалык изилдөөдөн өткөн. Алардын ичинен, Sinopharm, Sinovac жана CanSino аттуу 3 вакцина эффективдүү деп эсептелип, Кытайдын өзүндө Бириккен Араб Эмиратында жана Сербияда колдонула баштаган.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун вакциналардын статусун белгилеген индекси жана эффективдүүлүгүнүн рейтинги боюнча Sinopharm бешинчи орунда, Sinovac вакцинасы алтынчы орунда, ал эми CanSino вакцинасы онунчу орунда экени белгиленген.

Азыркы учурда Кытайда, Covid-19 менен күрөшүүдө натыйжалуу деп, Улуттук Медициналык Продуктылар Башкармасы жана Пекин Институту тарабынан иштелип чыккан “Sinopharm” вакцинасы эсептелүүдө. Аталган фармацевтикалык компаниянын расмий сайтында, “Sinopharm” вакцинасынын эффективдүүлүгү 79,34% экени белгиленген.

Бул вакцинанын эффективдүүлүгү Pfizer, Moderna жана AstraZeneca вакциналарына караганда төмөнүрөөк экени белгилүү болгон.

SinoVac вакцинасынын натыйжалуулугу талаш жараткан

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун, өзгөчө кырдаалдарда колдонууга сунуш кылынган вакциналардын тизмесинде 6-орунда турган SinoVac Biotech (CoronaVac) вакцинасы да эл аралык деңгээлде колдонула баштаган. Бул вакцинанын 3-клиникалык изилдөөсү 10дон ашык мамлекетте өткөрүлгөн.

Аталган вакцинанын натыйжалуулугун текшерүү учурунда, клиникалык сыноо жүргүзүлгөн мамлелекеттердин арасында бир топ айырма байкалган. Мисалы, Түркияда 1322 ыктыярчы катышкан изилдөөдө “SinoVac” препаратынын эффективдүүлүгү 91,25 деп белгиленген. Ошондой эле, Индонезиянын Йогякарта шаарындагы Гаджа Мада Университетинин вакцинологу Жарир Ат Тхориаринин айтымында, 1600гө жакын ыктыярчы катышкан изилдөөдө кытай вакцинасынын эффективдүүлүгү 65,13 деп көрсөтүлгөн.

Ал эми, Бразилиянын Бутантан институту жүргүзгөн изилдөөгө ылайык, алгач аталган вакцинанын эффективдүүлүгү 78% деп белгиленип, бирок 2020-жылдын январь айында бул сан 50,4% га төмөндөтүлгөн. Алар, “SinoVac” вакцинасы жалпысынан натыйжалуу экенин, бирок ал тар чөйрөдөгү жана көбүнчө критикалык абалдагы бейтаптарга жарамдуу экенин кошумчалашкан.

КЭР жана бекер вакцина

8-январда Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун төрагасы Тедрос Гибрейесус бай мамлекеттердин көпчүлүгү коронавируска каршы вакциналарды көп өлчөмдө сатып алып жаткандыктан, жакыр өлкөлөрдө эмдөө кеч жүрүшү мүмкүн экендигин билдирген:

“Биз көйгөйдү ачык байкап жатабыз. Кирешеси төмөн жана орто кирешелүү өлкөлөрдүн көпчүлүгүндө эмдөө жок. Бул көйгөйдү биз COVAX жана ACT-Accelerator программалары аркылуу чечишибиз керек. Ошондой эле вакцинанын улутчулдугу баарыбызга зыян алып келет”, — деп айткан.

Саламаттыкты сактоо уюму жана Дүйнөлүк Альянс тарабынан негизделген, “Covax” программасынын алкагында, экономикалык жактан начар жана өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө, коронавирус илдетине каршы вакциналар жардам ирээтинде берилет. Аталган программага Кытай 8-октябрда мүчө болгон.

Кыргызстанга бериле турган бекер вакциналар, кайсы программанын алкагында бериле турганын билүү үчүн Тышкы иштер министирлигине байланышып сураганыбызда азырынча белгисиз экенин билдиришти. Ошондой эле, Саламаттыкты сактоо министрлиги да “Бул вакциналар кайсы жана качан келээри тууралуу маалымат жок” деп билдиришти.

Белгилей кетсек, COVAX дүйнөлүк альянсынын алкагында Кыргызстанга 504 миң доза AstraZeneca вакцинасы жана 500 миң доза Россиянын “Спутник V” вакцинасы берилээри айтылган.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты