Карганбек Самаковго козголгон кылмыш иши кайра кароого жөнөтүлдү

  • 3 года мурун

Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун жана Бишкек шаардык сотунун Карганбек Самаковго чыгарган өкүмдөрү жокко чыгарылып, кайрадан Октябрь райондук сотуна жөнөтүлдү.

Жогорку соттун 2021-жылдын 3-февралындагы токтому менен Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун 2017-жылдын 19-декабрындагы жана Бишкек шаардык сотунун 2018-жылдын 1-июнундагы экс-депутат Карганбек Самаковго карата чыгарган өкүмдөрү жокко чыгарылып, жазык иши жаңыдан кароого Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотуна жөнөтүлдү.

Экс-депутат Карганбек Самаков, экс-вице премьер Искендер Айдаралиев, экс-айыл чарба министри Арстанбек Ногоев Чүй облусунун Кара-Жыгач, Байтик, Лебединовка айыл аймактарынан жалпы аянты 262 гектар жерди мыйзамсыз трансформациялаган деп айыпталган.

Карганбек Самаков 10 жылга эркинен ажыратылган, эки жолку амнистициядан кийин жаза мөөнөтүнүн үчтөн экиси кыскартылган.

Аны менен кошо камалган уулу Кубанычбек Самаков, Абай Таштанбеков, Аликбай Сариев, Эрнис Койчуманов, Урмат Нурдинов 8 жылга камалып, эки амнистициядан кийин жаза мөөнөтүнүн үчтөн бири кыскартылган.

Экс-премьер Игорь Чудинов менен Искендер Айдаралиев 5 млн сомдон айып төлөгөн.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты