​Эки саат өтпөй, Эрмек Нургазиев мэрдин милдетин аткаруучу кызматтан алындыбы?

  • 3 года мурун

9-февралда Бишкек шаардык мэриясынын жыйынында премьер-министр Улукбек Марипов тарабынан Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалганы жар салынган. Бирок эки саат өтпөй, кызматтан алынганы тууралуу кабар тарады.

Бирок андан эки саат өтпөй, Президент Садыр Жапаров социалдык тармактарда Эрмек Нургазиев тууралуу терс пикирлерден улам. Нургазиевдин мэрдин милдетин аткарууга жарабай турганын Инстаграмм баракчасында жазды.

“Албетте, таза, жаш, идеялуу кадрлар көп. Маектеше келсең жүзү жарык, иштемчил көрүнөт. Мурда-кийин бийликте иштебеген, коррупциялык иштерге аралашпаган деп тандаган кадрлардын артында да хулигандык, мүлк талаш иштери бар экен. Ошондуктан, шаардын мэрлигине коюуга мүмкүн эмес”,- деди Жапаров.

Өкмөт Эрмек Нургазиевдин Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу дайындаган буйрукту жокко чыгаруу маалыматын азырынча бере элек.

Бишкек шаарынын мэрин шайлоо 11-апрелде өткөрүлөт. Ага чейин борбор шаардын мэри убактылуу дайындалат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты