Эрмек Нургазиев Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды

  • 3 года мурун

Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев берген арызына ылайык, кызматынан бошотулду. Эрмек Нургазиев Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Бул тууралуу буйрукка өкмөт башчы Улукбек Марипов кол койду.

Шаардык мэриянын жыйынында Эрмек Нургазиев Бишкек шаарынын жаңы мэри шайланганга чейин Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалганы айтылды.

Эрмек Нургазиев бизнес тарабында иштеп келген, акыркы жумушу «ЭММА курулуш» компаниясында иштеген. 11-апрелде жергиликтүү кеңештерге шайлоолорго чейин иштеп берет. 11- апрелде шайлоолор болору белгиленди.

«Татаал күндөрдү башыбыздан өткөрдүк. Атабыздан калган орун жок. Ата Мекендин жоокерибиз, кайда жиберсе, иштей беребиз. Жаңы мэрди колдогула» деди Балбак Түлөбаев.

Жыйында ошондой эле транспорт жана мүлк тармагын тейлөөчү вице-мэр болуп Руслан Акылбеков дайындалганы айтылды. Ал буга чейин Биринчи Май районунда акимдин орун басары болуп иштеген.

Балбак Түлөбаев 2020-жылдын 20-октябрында Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.

Сүрөттө: Эрмек Нургазиев.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты