​Бишкекте кытай грантынын эсебинен жолдорду оңдоо уланат

  • 3 года мурун

Бишкекте 15-марттан баштап Кытай берген гранттын эсебинен жолдорду оңдоо долбоорунун экинчи айлампасы башталат. Бул тууралуу мэрия билдирди.

Маалыматка караганда, иш расмий түрдө 2020-жылы күзүндө башталган жана даярдык ушул күнгө чейин жүрдү. План боюнча 2021-жылы 43 көчө, 2022-жылы 17 көчө оңдолот.

15-мартта Сухэ-Батор, Ташкент, Жайыл-Баатыр, Жунусалиев, Койбагаров жана башка көчөлөрдөгү 10 тилкеде ремонт иштери жандандырылат.

Долбоордун экинчи айлампасынын алкагында 5 көпүрө куруу жана жалпы узундугу 70 чакырымдан ашык 60 көчөнү ремонттоо каралган.

Көптөгөн көчөлөр кеңейтилет же кайра баштан салынат, долбоорго тротуарлар жана ирригациялык түйүндөр да киргизилген.

“Бишкек шаарынын жол түйүндөрүн өнүктүрүү” долбоору үч фазадан турат. 300 миллион юань (44 млн доллар) грант бөлүү тууралуу келишимге 2016-жылы кол коюлган.

Долбоорду ишке ашыруу боюнча өткөн тендерди кытайлык Сhina Road and Bridge Corporation компаниясы утуп алган. Биринчи фазанын алкагында 7 көпүрө курулуп, 95 чакырым узундуктагы 49 көчө ремонттолгон.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты