​Кыргызстан AstraZeneca вакцинасын алат. Бул вакцина жөнүндө эмне белгилүү?

Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев COVAX дүйнөлүк альянсынын алкагында Кыргызстанга 504 миң доза AstraZeneca вакцинасы келерин айткан. ПолитКлиника медиасы бул вакцина тууралуу маалымат топтоду.

Оксфорд университети Улуу Британияда катталган англия-шведдик фармацевтикалык компания менен биргеликте AstraZeneca вакцинасын иштеп чыгышкан. Вакцина Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун вакциналардын статусун белгилеген баалоосу боюнча Pfizer вакцинасынан кийин эле экинчи орунда турат.

AstraZeneca жана Pfizer вакциналарынын айырмачылыктары

Эки вакцинага Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун баалоосу:

Баалоо

AstraZeneca

Pfizer

Вакцинанын медициналык аталышы

AZD1222

BNT162b2/COMIRNATY Tozinameran (INN)

Чечим кабыл алуунун күтүлгөн күнү

29.01.2021

Март-апрель айларында COVAX программасына кирет

31/12/20

Чыгарган өлкө

Улуу Британия

Америка, Германия

Эффективдүүлүгү

(үч фазалуу изилдөөнүн негизинде)

85%

95%

Пайда болгон белок SARS-CoV-2 вирусу менен күрөшөт

Бул вакцинада шимпанзелердин вирустук векторунун жетишпеген репликациясы колдонулат. Бул вирустук вектор шимпанзелерде инфекция чакырган аденовирустун (сасык тумоо вирусу) алсызданган версиясынан негизделген жана өзүндө SARS-CoV-2 вирусунун белогунун генетикалык материалын камтыйт. Вакцинациядан кийин белок пайда болуп, ал иммундук системаны SARS-CoV-2 вирусу менен күрөшүүгө түртөт.

Вакцина үч этаптуу сыноодон өткөн

Анализ Оксфорд университетинин жана AstraZeneca нын көзөмөлү астында болгон.

COV002 — бул Улуу Британиядагы 12 390 адамдын катышуусунда көп борбордуу рандомизацияланган жана көзөмөлдөнгөн изилдөө. Бул изилдөөдө II / III фазанын негизинде натыйжалуулугу жана коопсуздугу бааланган. Улуу Британия, Бразилия жана Түштүк Африка Республикасындагы III фазалык клиникалык сыноолордун алгачкы анализи “The Lancet” басылмасында басылып чыккан.

AstraZeneca COVID-19дун алдын алуу үчүн коопсуз жана натыйжалуу экендиги тастыкталды. Натыйжада, биринчи дозадан кийин вакцинанын эффективдүүлүгү 76% ды түздү. 12 жумадан көп аралык ортосунда вакцинанын эффективдүүлүгү 82% га чейин жогорулады. Ошондой эле вакцинанын Улуу Британияда жүргүзүлгөн изилдөөдө вирустун симптомсуз таралышын азайтуу жөндөмүн көрсөттү. Үчүнчү фазанын биринчи анализинин жыйынтыгы 332 симптоматикалык учурлар менен болгон17миңден ашуун ыктыярчынын жыйынтыгына таянган.

Вакцина 2-8 градус муздактыкта сакталат

Вакцина кадимки муздатуу шарттарында саламаттыкты сактоо мекемелеринде (эки градустан сегиз градус Цельсияга чейин же Фаренгейт боюнча 36 градусунан 46 градуска чейин) сактап, ташып жана колдонсо болот.

Кыргыз өкмөтү буга чейин сунуштаган Pfizer вакцинасынан баш тартып, анын себебин вакцинаны сактоочу атайын муздаткычтардын жоктугу менен түшүндүргөн.

50 өлкөдө колдонулууга уруксат алган

AstraZeneca ошондой эле Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунан аз камсыз болгон өлкөлөрдө вакцинанын болушун тездетүү үчүн шашылыш түрдө колдонуу тизмесин сурап жатат.

AstraZeneca COVID-19 вакцинасы төрт континенттеги дээрлик 50 өлкөдө, анын ичинде ЕСте, Латын Америкасынын бир катар өлкөлөрүндө, Индияда, Мароккодо жана Улуу Британияда сатуу уруксатын алган.

Министрликке вакцина келери жөнүндө кат келген

Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова Саламаттыкты сактоо министрлиги улуттук эмдөөнүн планын иштеп чыкканын айтты. Анын айтымында эмдөө 3 этап менен жүргүзүлүүсү пландаштырылууда: “Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун атынан биздин министликке COVAX механизминин алкагындагы портфелине кирген AstraZeneca аттуу вакцинасынын 504 миң дозасы келиши жөнүндөгү кат жолдонгон. Болжол менен марттын башында 40%га чейинкиси, кийин 60%ы келиши күтүлүүдө. Министрлик муздатуу тизмектери менен камсыз кылуу байланыштуу бардык маселелерди эл аралык жана донорлук уюмдар менен тыгыз кызматта иштеп жатат”, — деди. Ошондой эле алгачкы эмдөө Бишкек шаарында, Чүй облусунда, Ош шаарында болорун белгиледи.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты