​Албек Ибраимов дагы бир кылмыш ишине шектелүүдө

  • 3 года мурун

Мамлекетке 893 млн. сомдук зыян келтиргендиги үчүн Албек Ибраимов жана башкаларды жоопко тартуу жана зыянды өндүрүү маселеси каралууда.

Бул тууралуу башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Транспорттук прокуратура «Манас” эл аралык аэропорту ачык акционердик коомунун жооптуу адамдарынын эл аралык каттамдарга жана жүк ташуу үчүн чет элдик «Гата эйрлайнс» компаниясына жеңилдиктерди бергендиги боюнча мыйзамсыз туруктуу коррупциялык схемасын аныктап чыккан.

Аталган чет элдик компанияга мыйзамсыз жеңилдик берүүнүн натыйжасында, «Манас» эл аралык аэропорту 2016-жылдын 1-июнунан 2020-жылдын 1-ноябрына чейинки аралыкта жогоруда көрсөтүлгөн коррупциялык схеманын кесепетинен 12 млн. АКШ доллары же 893 млн. сомдук ири өлчөмүндө мамлекетке зыян келтирилген.

Аталган факты боюнча азыркы учурда шектүү катары «Манас” эл аралык аэропортунун дирекциясынын мурдагы башчысы Н.Белеков кармалган.

Азыркы учурда бул соттук өндүрүш боюнча «Манас” эл аралык аэропортунун директорлор кеңешинин мурдагы төрагасы Албек Ибраимовду, ошол эле мекеменин мурдагы президенти Эмир Чукуевди, ошондой эле акционердик коомдун башка жоопту кызматкерлерин, мүлк фондунун жана монополияга каршы агенттиктин жооптуу кызмат адамдарын кылмыш жоопкерчилигине тартуу жана мамлекетке келтирилген зыянды өндүрүү маселеси каралууда.

Буга чейин Албек Ибраимов «Дастан» компаниясын жетектеген учурда 270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алгандыгы, Ысык-Көлдөгү «Солнечный берег» пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сомдук зыян келтиргендиги жана жер бөлүүгө тиешеси бар экендигине шектелген.

Шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялар 5-октябрда Бишкекте митингге чыгып, анын аягы башаламандыкка айланган. 6-октябрга караган түнү митингчилер парламент менен президенттик аппараттын имаратын, УКМКны ээлеп, камактагы бир топ саясатчыларды, Алмазбек Атамбаевди, ошондой эле Сапар Исаковду менен Албек Ибраимовду бошоткон.

Жаза аткаруу кызматы мындан тышкары коррупция айыбы менен 15 жылга соттолгон Бишкектин мурдагы мэри Албек Ибраимов да изделип жатканын билдирген.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты