​Алмазбек Атамбаевди үй камагына чыгаруу өтүнүчү четке кагылды

  • 3 года мурун

Бишкектин Биринчи май райондук соту 4-февралда кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз абактан чыгышы боюнча иште мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин бөгөт чарасын карады.

Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошевдин айтымында, сот мурдагы президентти үй камагына чыгаруу тууралуу өтүнүчтү четке какты. Анын камактагы мөөнөтүн 7-апрелге чейин узартты.

Адвокаттар Алмазбек Атамбаев бир жыл төрт айдан бери тергөө абагында отургандыктан жана саламаттыгына байланыштуу аны бошотуу же үй камагына чыгаруу керек деп эсептешет. Алар мыйзам боюнча шектүү тергөө абагында бир жыл гана кармалууга тийиш деген жүйө келтирип жатышат.

Бул иште Атамбаев менен катар мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева, гематолог Абдухалим Раимжанов жана ЖАМКнын ошол кездеги жетекчисинин кеңешчиси Калыбек Качкыналиев айыпталууда.

Жогорку сот былтыр 30-ноябрда Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу ишти кайра караш үчүн Биринчи май райондук сотуна жөнөткөн.

Ага чейин, июнда райондук соттун чечими менен Атамбаев Батукаевдин иши боюнча күнөөлүү деп табылган. Өзүн жана жакындарын мүлкүнөн ажыратуу менен 11 жыл эки айга кесилген.

Атамбаев жана анын тарапташтары, адвокаттар ага карата козголгон иштерди саясий куугунтук катары баалап келатышат.

Кыргызстанда баңгизат сатуу, мыйзамсыз курал сактоо, ошондой эле адам өлүмүнө алып келген башаламандык уюштуруу үчүн айыпталып, 16 жыл 8 айга эркинен ажыратылган кримтөбөл Азиз Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыккан. Ал атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилип, Орусияга учуп кеткен.

Кримтөбөлдүн мыйзамсыз бошотулушу боюнча кылмыш иши 2019-жылдын январында кайра иликтенип, сотко ошол жылы октябрда өткөрүлгөн.

Мындан тышкары мурдагы президентке карата Кой-Таш окуялары жана башка коррупциялык иштерге байланыштуу козголгон кылмыш иштердин баары бириктирилип, учурда сотто каралууда.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты