Элвира Сурабалдиева, Тилек Токтогазиев жана башка өкмөт мүчөлөрү кызматтан бошотулду

  • 3 года мурун

Өкмөт жөнүндө Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 13-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, бир катар өкмөт мүчөлөрү кызматынан бошотулду.

Бул тууралуу жарлыкка Президент Садыр Жапаров кол койду.

— Максат Мамытканов, Элвира Сурабалдиева, Равшанбек Сабиров вице-премьер-министрлик кызматтан бошотулду;

— Бакыт Аманбаев өкмөт аппаратынын жетекчиси — министрд кызматынан,

— Кыялбек Мукашев финансы министри кызматынан;

-Марат Жаманкулов юстиция министринин кызматынан;

— Санжар Муканбетов экономика министри кызматынан,

— Тилек Токтогазиев айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин кызматынан;

— Бакыт Бердалиев транспорт жана жолдор министри кызматынан;

— Нуржигит Кадырбеков маданият, маалымат жана туризм министри кызматынан;

— Ализа Солтонбекова эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри кызматынан;

— Эрлис Тердикбаев коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын милдеттерин аткаруудан;

— Жаргылбек Сагынбаев өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан;

— Алтынбек Исмаилов маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошотулду.

Өкмөт түзүмү, курамы өзгөртүлүп, бүгүн Жогорку Кеңеште жактырылды.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты