Пандемия маалында саламаттык сактоо министрлиги бахиланы 100 эсе кымбат сатып алган

  • 3 года мурун

Башкы прокуратура тарабынан саламаттык сактоо министрлигинде жүргүзүлгөн текшерүүнүн алкагында жеке коргонуучу каражаттарды сатып алууда бир катар мыйзам бузууларга жол берилгендиги аныкталды.

Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Алсак, 2020-жылдын 6-майында саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы оорулардын алдын-алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологияга көзөмөл жүргүзүү департаментинин комиссиясы мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү мыйзамынын талаптарын одоно бузуп, жеке коргонуучу заттар (комбинезон, медициналык колкап, бахила) менен жабдууга эң төмөнкү бааларды сунуш кылышкандардын коммерциялык сунуштарын негизсиз четке кагып, жогорулатылган бааны сунуш кылган «Ф» ЖЧКсы менен түз ыкмасы аркылуу келишим түзүүнү сунушташкан.

Ошондуктан, «Ф» ЖЧКсы коммерциялык сунуштардын шарттарын жана келишимдин талаптарын одоно түрдө бузуп, нитрил кол каптардын ордуна техникалык спецификацияга дал келбеген 101 330 даана латекстен жасалган кол каптарды жана 150 000 даана 1,5 сомдук бахиланын ордуна 1 500 даана 150 сомдук бахила алып келишкен.

Бул мыйзамсыз иш-аракеттерден улам мамлекетке 5 175 200 сомдук материалдык зыян келтирилгендиги аныкталды.

Материалдар боюнча жазык кодексинин 320 (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 322-беренелери (билип туруп пайдасыз контракт түзүү) менен кылмыш-жаза бирдиктүү реестрине катталып, тийиштүү тергөө органдарына жиберилди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты