​Улукбек Марипов өз каалоосу менен премьер-министрликке баратабы?

  • 3 года мурун

Бүгүн, 1-февралда, Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясынын жыйынында өкмөт башчылыкка Улукбек Мариповдун талапкерлиги каралып жатат.

“Республика”-“Ата журт” фракциясы Эсептөө палатасынын төрагасы Улукбек Мариповду сунуштады.

Депутат Абдывахап Нурбаев өкмөттүн структурасы азаябы деп суроо салды. Улукбек Марипов өкмөттүн курамы чачыранды деп айтты. Бир топ вице-премьерлер, өкмөт мүчөсү, вице-премьер-министрлер, агенттиктер, фонддор — 22 өкмөт мүчөсү бар, 16 өкмөт мүчөсү калат деди. Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшенаиев иштейт деди.

Дастан Бекешев акыркы премьер болосуз, жаңы Конституция долбоору киргенден кийин өкмөттү Президент өзү башкара деп билдирди.

Марипов мен суроону түпкүрүндө түшүндүм, референдумду сунуштасаңыздар, бул боюнча Президент Жапаров менен дагы толук пикир алмашуу болду, беш жылга кызматташабыз деп жооп берди.

Депутат Калдарбек Баймуратов бул кызматка чын ниетиңизден бара жатасызбы деп суроо салды. Марипов бул кызматка чынын айтканда экономикалык абал оор болуп жатканда, терең сезип, сиздердин колдооңуздар менен, ниетим туура, духум да бар деп жооп берди.

Депутат Бактыбек Турусбеков премьер-министрликке даярсызбы деп суроо бергенде, «даярмын» деп жооп берди.

Сүрөт: «ПолитКлиника»/ Чолпонбек Сабырбек уулу.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты