Мамлекеттик ипотекалык компаниядагы мыйзам бузуулар тууралуу айыптоолорду текшерип көрдүк. Фактчекинг

“Вечерний Бишкек” онлайн басылмасы “Мамлекеттик ипотекалык компаниясы” акционердик коомунун жетекчиси Элмира Абжапарованы мыйзамсыз иш алып барып жатат деген маанидеги бир нече макала жазып чыккан. Ал макалаларда МИК жетекчилигине бир нече кылмыш козголсо дагы чара көрүлбөй келатканы айтылат. Биз бул макалалардагы ушул жана башка дооматтарды текшерип көрдүк.

Бюджеттик акчалар жок компанияга коротулган деген айыптоо

2020-жылдын 19-май айында чыккан макаладагы маалыматта, “МИКке бюджеттен бөлүнгөн 500 млн сомдун 100 млн сому турак жай сактык компаниясын түзүүгө каралган, бирок, компаниянын документтери Юстиция министрлигинде каралып жатканда, түзүлө элек компанияга үч кызматкер алынган. Алар төрт ай бою айлык акы алып турушкан. Бюджеттик акчалар жок компаниянын кызматкерлеринин айлыктарына жумшалып, “Жеткиликтүү турак-жай 2015-2020” долбоору бузулуу алдында турат” деп жазылган. Ошондой эле, МИКтин экс-кызматкерлери депутаттар тобуна, премьер-министрге, ФУГИ жана МИК төрагаларына кайрылуу жасашкан.

Биз макалада айтылган ырастоолорду текшерип көрдүк.

Биз талап кат жиберип МИКтен алган документтерден туунду компанияны түзүү үчүн, МИКке үч эмес эки кызматкер: Гулнара Нуркулова жана Азамат Эсеналиев мөөнөттүү келишим менен убактылуу кызматка алынып, иштеп турганын көрүүгө болот. “Ак-Босого” турак жай-сактык насыя компаниясы 2020-жылдын 14-майында Юстиция министрлигенен каттоодон өткөн.

МИКке бул тууралуу комментарий берүүсү үчүн кайрылдык, алар: “МИК дүйнөдө кенен тараган, өз натыйжалуулун далилдеген Баушпаркассе механизмин биздин өлкөдө ишке ашыруу үчүн ушундай атайын компания түзүүнүн үстүндө 2016-жылдан бери иш жүргүзүүдө. Бул аралыкта Экономика министрлигинин алдында 3 жумушчу топ иштеди, KfW банкынын жардамы аркылуу МИКтин, Улуттук банктын кызматкеринен куралган чакан топ атайын Германияга барып бул механизмдин иштеши менен таанышып келген. Мындан сырткары KfW жардамы аркылуу атайын германиялык адис Кыргызстанга келип, 1,5 жыл бою ушул механизмди бул жакта ишке ашыруу максатында биздин ички рынокту изилдеп, эл аралык тажрыйбага таянып компаниянын натыйжалуу иштеши үчүн атайын макроэкономикалык финансылык модель түзүп берген. Өлкөдө өкмөт жетекчилери бат алмашып тургандыктан улам жаңы келген жетекчилерге бул механизмди түшүндүрүүгө да убакыт кетти. Эгерде бул компания ишке кирсе, анда өлкөбүздүн жарандары, алардын ичинде сыртта эмгектенип жүргөн мекендештерибиз да турак жай маселелерин чечүүгө мүмкүнчүлүк алышат. Бул компания аркылуу үй сатып алууга, үйлөрүн түзөп-оңдоого, аянтын кеңейтүүгө керектүү сумманын жарымын топтоп, калган жарымын ушул “Ак-Босого” компаниясы аркылуу узак мөөнөттүү, арзан ипотекалык кредит түрүндө ала алышат. Негизинен финансылык компания түзүлгөн учурларда атайын адистердин чоң топтору иштешет. Ал эми биз МИКтин туунду компаниясын түзүү үчүн эки адамды убактылуу түрдө контракт менен жумушка алдык, алардын айлык акысы МИКтин каражатынан берилип турган, мында эч кандай мыйзам бузуу жок. Компания түзүлгөндөн кийин, алар МИКтен кетип, туунду компанияга кызматка киришкен” – деген маалымат беришти.

“Эки кызматкер Мамлекеттик ипотека компаниясына алынып, алардын 5 ай ичинде алган айлыктары макалада көрсөтүлгөн 400 миң сом эмес, 209,7 миң сомду түзгөн. Алардын бири, Нуркулова Гулнара – бул туунду компанияны түзүү иштерине 2016 -жылдан бери түздөн түз катышып, Экономика министрлиги алдында түзүлгөн атайын жумушчу топтордун баарына мүчө болуп, МИКте бул ишти жетектеп келген. Бул жерде эч кандай мыйзам бузуу жок, аны Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун ревизору да текшерип чыкты. “Ак-Босого” компаниясын түзүү үчүн бөлүнгөн 100 млн сом акча да мыйзамдуу түрдө бөлүнгөн, эч коротулбай дагы да атайын счетто сакталып турат. Ага МИК өз каражатынан 5 млн сом кошуп, жалпы 105 млн сом уставдык капитал менен аталган компания катталган”, — деп билдиришти МИКтен.

Сүрөт: МИКтин сайтында баланста көрсөтүлгөн 105 млн сом (туунду компанияга инвестиция беренесинде көрсөтүлгөн)

Жыйынтык: Түзүлө элек компанияга кызматкер алынып, жаңы компаниянын эсебинен айлык төлөнгөнү калп.

Нарын шаарындагы курулуш иштериндеги каржылоодо катачылыктар жана бир чарчы метринин баасы чынында 64 миң сомду түзгөнбү?.

Жогоруда аталган Вечерний Бишкектеги МИКтин дарегине айталган доолордун арасында “Нарын үйүн курууда каржылык мыйзам бузууларды жашыруу максатында, натыйжада бир чарчы метринин баасы 64 миң сомго чейин көтөрүштү. Ошентип, МИКтин экс-башчылары Б.Шамкеев менен Б.Жээнбаеванын шалаакылыгын жашырууну чечип, курулуштан баш тартуу менен «Арзан турак-жай 2015-2020» мамлекеттик программасын бузган”, — деп айтылат.

Буга МИКтен төмөнкүлөрдү билдиришти:

МИКтин жетекчиси Абжапарова Элмира Нарын шаарында курулуш иштери толугу менен аяктаган соң Эсеп палатасына кат менен кайрылып, аны текшерип берүүнү суранган.

Эсеп палатасына Нарындагы көп батирлүү үйдү текшерип берүү боюнча Элмира Абжапарованын каты

Бишкек шаарында да курулган үй боюнча да Эсеп палатасы текшерүү жүргүзүп, жалпы эки курулуш боюнча курулуш иштеринде айрым кемчиликтер болгонун айтып, бирок финансылык жоготуу, уурдоолор жок экенин далилдеген. Ошентип эки көп батирлүү үй боюнча Эсеп палатасы тарабынан сунуштамалар берилип, андагы айтылган курулуш иштерине байланыштуу айрым кемчиликтер МИК тарабынан толугу менен жоюлган.

Эсеп палатасынын Сунуштамасы

Төмөнкү документте эсеп палатасы тарабынан даярдалган АКТта бир чарчы метрге кеткен чыгымдын алдын ала баасы көрсөтүлгөн:

Мындан сырткары Нарында курулган көп кабаттуу үйдүн акыркы баасын МИКтин протокуланан дагы тактаса болот

Жыйынтык: Нарын үйүн курууда бир чарчы метринин баасы 64 миң сомго чейин көтөрүштү деген маалымат жалган, азыркы МИКтин жетекчилиги мурдагы жетекчилердин каталарын жашырууну чечип, менен «Арзан турак-жай 2015-2020» мамлекеттик программасын бузган деген маалымат калп.

Курулуштан баш тартуу чуусу

Аталган “Вечерний Бишкектин” макаласында, “2019-жылы эки көп кабаттуу үйдү Бишкек жана Нарын шаарларынын мэриясына тапшыруу жана курулуштан баш тартуу боюнча чечимин чыгарган. Бул дарыгерлер, мугалимдер үчүн социалдык турак-жай долбоорун аз жерден бузууга алып келмек. Мунун баары, Нарын шаарындагы 60 батирлүү беш кабаттуу үйдүн курулушундагы каржылык катачылыктарды жашыруу максатында жасалды. Бул маселени Директорлор кеңешинин экс-мүчөлөрү Азамат Абдыбеков жана Джаныбек Аманалиев бир нече жолу көтөрүп чыгышкан. Андан кийин, Башкы прокуратурага арыз жазып, анын негизинде сотко чейинки процесстер башталгандыктан, жетекчилик аларды ээлеген кызматынан бошотушкан”, — деп айтылат.

Курулуш иштеринен баш тартуунун себебин МИКтен төмөндөгүчө түшүндүрүштү. МИК – бул финансылык мекеме, курулуш компаниясы эмес. МИКтин максаты – калкты арзан турак жай менен камсыз кылуу максатында ипотекалык насыялоонун дүйнөлүк тажрыйбага таянып түрдүү механизмдерин ишке ашыруу. Бүгүнкү күндө Нарын шаарында жана Бишкекте эки көп батирлүү үй курулуп, колдонууга берилген. Курулуш иштери аяктаган соң, МИК финансылык анализ жүргүзүп, натыйжада МИКтин курулуш иштерин жүргүзүүсү экономикалык жана практикалык жактан натыйжасыз экени белгилүү болду. Бул эки курулган үйдөгү батирлердин саны 185 батирди түзөт (Нарында 60, Бишкекте 135). Эки үйдүн курулуусуна жалпысынан 334 млн сом сарпталган. Эгерде бул каражатты ипотекалык кредит түрүндө бергенде, 2,5 жыл мурун эле (курулушка кеткен убакыт) 185 эмес, 303 үй-бүлө өздүк турак жайга ээ болмок. (МИК аркылуу берилген ипортекалык насыянын орто көлөмү 1,17 млн сомду түзөт, 334 млн сомду 1,1 млн сомго бөлсөк 303 насыя берилмек).

Ал эми курулган көп батирлүү үйлөрдү Нарын жана Бишкектин мэриясынын балансына өткөрүп берүү сунушун да МИК ушул чыгымдардан баш тартуу жана натыйжада финансылык зыян тартпоо максатында демилгелеген. Себеби мэриялардын астында муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча атайын түзүмдөрү бар.

Ал эми Бишкектеги курулушту мэриянын карамагына өткөрүп берүү боюнча маселени Премьер-министрге сунуштоодо “МИК” ААКсынын уставы бузулган эместигин комиссиянын корутундусунан көрүүгө болот.

Курулган үйлөрдү Нарын жана Бишкек шаарларынан мэрияларынын балансына өткөрүп берүүнү Премьер-министр М.Абылгазиевге сунуштоодо эч кандай процедура бузулган эмес экендиги тууралуу атайын ведомстволор аралык комиссиянын корутундусунда жазылган

Ал эми МИКтин курулуш багытын өзгөртүү боюнча демилгесин ведомстволор аралык комиссия компаниянын акционери менен макулдашкан эмес деп белгилеген. Мындай тыянак туура эмес деп акционер тарабынан дайындалган МИКтин ревизору өзүнүн өзгөчө ойун билдирген.

Ревизордун билдирүүсү

Жыйынтык: Курулуштан баш тартууну Премьер-министрге сунуштоодо “МИК” ААКсынын уставы бузулган эмес, курулуш багытынан айынан арзан турак жай программасы үзгүлтүккө учурап же токтоп калуу коркунучу түзүлгөн эмес.

Автоматташтырылган система иштеп жатат

“Керексиз адамдарды жок кылуу максатында, оптимизациялоо жүргүзөбүз деп жатышат, бирок МИК ипотека насыясынын пайыздарын кол менен эсептешет, мунун айынан жыл сайын 3,5 млн. сом чыгым тартат. Бул акча каражаты МИКтин 15 кызматкеринин бир жылдык эмгек акысына барабар болмок. Алмаз Даакыбаев 2 жылдан бери автоматташтырууну киргизүүгө аракет кылып келет, ошол себептен жетекчиликке жаман көрүнгөн”, — деп жазылат макалада.

МИКтин маалыматына караганда, пайыздык чендер автоматташтырылган система аркылуу гана саналат, кол менен эсептөөгө мүмкүн эмес. Жыл сайын МИКтин финансылык отчету көз карандысыз аудиторлор тарабынан текшерилип турат. Пайыздык чендер колго эсептелгени үчүн жыл сайын 3,5 млн сом жоготуулар болуп турат деген чындыкка жатпайт.

Биз МИКке атайын барып, 2017-жылы орнотулган автоматташтырылган система менен таанышып келдик. Чындыгында, пайыздык чендер колдо эмес, атайын иштелип чыккан программа аркылуу гана эсептелгенин көрдүк.

Сүрөт: МИК системасында пайыздык чендердин учетунун көрүнүшү

Жыйынтык: Пайыздык чендер колго эсептелинет, мындан улам каржылык чоң жоготуулар болот деген маалымат жалган.

Кызматкерлердин кыскартылуусу боюнча

“2019-жылдын 23-сентябрында экс-пресс-катчы Аскар Осмоновдун Президенттин Аппаратына жазган катынын негизинде МИКтин ишмердүүлүгүнө текшерүү жүргүзүлдү. Натыйжада, аудиторлор тарабынан каржылык жана административдик укук бузуулар аныкталган (Аудитордун корутундусу тиркелет). Бирок, МИКтин жетекчилигине карата, Жээнбаеванын ФУГИге болгон кысымы менен, Директорлор Кеңешинин төрагасы Джаныбек Аманалиев негизсиз кызматтан алынган. Ошондой эле кызматкерлердин массалык түрдө кыскартылышы башталды”, — деп айтылат макалада.

Буга, МИК 2020-жылы Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун катынын негизинде МИКтин башкаруу органдары тарабынан чечим кабыл алынып, ишке ашырылган санариптештирүүдөн улам, жана курулуш иштери толугу менен аяктап, андан баш тартуу чечими чыккандыгынан улам, компаниянын чыгымдарын кыскартуу жана натыйжалуулугун жогорулатуу максатында оптимизациялоо жүргүзүп, 12 кызматкерди кыскарткан. Кыскартылган адамдарга Эмгек кодексине ылайык бардык компенсациялар төлөнүп берилди, — деп билдиришти МИКтен.

“МИК акыркы бир жылдын ичинде, 2019 жылдын 1 ноябрынан жана 2020-жылдын 1-майынан тартып, пайыздык чендерди өз эсебинен түшүргөн. Бул да чыгымдарды кыскартууну талап кылат. 2020-жылы ипотека алууга арыз берүү процесси толугу менен санариптештирилди. Мурда болсо жарандар справкаларды бир топ мамлекеттик органдарга барып чогултуп, башынан аягына чейин эсептегенда 3 айга чейин убакыт кетчү. Ал эми азыр болсо 30 минутага жетпей ипотекага арызды уюлдук телефон аркылуу тапшырып койсо болот.Атайын электрондук портал иштелип чыкты. Бүгүнкү күндө бул портал аркылуу миңден ашуун жарандар катталып, арыз беришти” – деп билдиришти МИКтен.

Мамлекеттик Мүлк фондунун МИКке оптимизацияны жүргүзүү тууралуу каты

Жогоруда көрсөтүлгөн Маммүлк Фондунун катынын негизинде МИКтин башкармалыгынын жетекчиси Э.Абжапарованын башкармалыкка жана Директорлор кеңешине жазган кызматтык каты

Жыйынтык: Кызматкерлердин кыскартылышы МИКтин санариптештирүү, курулуш иштеринен баш тартуу жана өз ишин оптимизациялоодон келип чыккан

Айлык-акы фондунун көбөйүүсү

“Өкмөттүн 2019-жылдын 22-майындагы токтомуна ылайык, мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна МИКтин чыгашаларын анализдөө тапшырылган. Бирок, 2020-жылга ГИКтин эмгек акы фондусун чыгашалардын планына ылайык, эмгек акы төлөө фонду азайбастан, тескерисинче, жетекчилердин жогорулатылган айлык акыларынын эсебинен 25 168 353,00 сомго көбөйгөн”, — деп айтылат.

МИК берген документке ылайык, 2020-жылдын ноябрь айынан баштап үнөмдөө байкалат. МИКтин 2020-жылдагы бекитилген бюджетинин негизинде жалпы айлык фонд 44 373 000 сомду түзөт, анын ичинен 6 457 000 сому социалдык фондко которуму. Ал эми жогоруда көрсөтулгөн 25 168 353 сом кайсы бюджеттин негизинде көбөйгөнүн тастыктаган маалымат далилдер жок экенин жана бул маалымат чындыкка дал келбегенин айтышты МИКтен.

МИКтин көрсөтүлгөн финансылык отчетторго ылайык ай сайын экономия 464 миң сомду түзөт. …..

Жыйынтык: Анализ көрсөткөндөй айлык фонду көбөйбөй кыскарган

МИКтин юристи Аскат Ибралиев өз каалоосу менен кеткен

Макалада ошондой эле, МИКтин мурдагы юристи Аскат Ибралиев сотто утулуп калгандыгы үчүн жумуштан алынганы айтылат.

МИКтин билдирүүсү боюнча, Аскат Ибралиев айлыгы жогорураак жумуш таап өз каалоосу менен жумуштан кеткен. Аны жумуштан мыйзамсыз кетирди деген макала чыккандан кийин МИКтин офисине өзү келип, бул тууралуу жетекчиликке түшүндүрмө кат жазып кеткен. Биз аны менен байланышып көрдүк, …. тел.: 0220560225

Сүрөт: А.Ибралиевдин түшүндүрмө каты

Жыйынтык: МИКтин мурдагы юристи Аскат Ибралиев сотто өз каалоосу менен башка жумушка кеткен, соттон утулуп калгандыгы үчүн жумуштан алынган деген фейк маалымат.

Элмира Абжапаровага кылмыш иши козголду деген маалымат

“Вечерний Бишкек” басылмасына чыккан макалада “Элмира Абжапаровага каршы кылмыш белгилери болгондугу үчүн 2 кылмыш иши козголгон: 2020-жылдын 30-майында Мамлекеттик экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы тарабынан 320-берененин 2-бөлүгү (ERPP-03-300-2020-000193) жана 2.09 2020 Башкы прокуратура тарабынан — 233-берененин 1-бөлүмү менен козголгон. Ошондой эле, Башкы прокуратура Элмира Абжапарованын мыйзамсыз аракеттери боюнча Коопсуздук Кеңешине жамааттык кайрылуу жөнөттү”, — деп айтылат макалада.

Бул тууралуу МИКке кайрылсак, “Мурдагы кызматкерлер Финпол жана Башпрокуратурага, МИКте коррупциялык иштер жүрүп жатат деген жүйө менен арыз жазып, кайрылышкан. Кылмыш кодексине ылайык, бардык кайрылуулар кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталат. Бирок, ушул убакка чейин кылмыш иши козголгондугу тууралуу билдирүү келген эмес”, — деп билдиришти.

Жыйынтык: МИК ААКсынын жетекчилигин үстүнөн жазылган арыз боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталган, бирок бул кылмыш козголду дегенди билдирбейт

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты