Бишкекте парламентти таратууну талап кылган митинг болуп өттү

  • 3 года мурун

Бүгүн, 27-январда, Ала-Тоо аянтында, Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын депутаттарынын таратылышын талап кылган тынч акция болуп өттү.

Митингдин катышуучулары Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын депутаттары элдин ишенимин актабагандыгын жана өлкөдө болуп өткөн саясий башаламандыктардын жаралышына өбөлгө түзгөндүгүн билдиришип, мандаттарын өз эрки менен тапшырууга чакырышты.

Кыргызстанда 2020-жылы 4-октябрда кезектеги парламенттик шайлоо өткөн. Кийин нааразылык акциясынан соң Борбордук шайлоо комиссиясы анын баштапкы жыйынтыгын жокко чыгарып, кайра шайлоону2020-жылдын 20-декабрына белгилеген.

Бирок ал кездеги Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Кыргызстандын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө “Конституциялык мыйзамдын айрым ченемдерин колдонууну токтото туруу жөнүндө” конституциялык мыйзамга 22-октябрда кол койгон.

Мыйзамга ылайык, конституциялык реформаны өткөрүү аяктаганга чейин парламенттик кайра шайлоо өткөрүлбөйт. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 2021-жылдын 1-июнунан кеч эмес дайындалат. Мыйзамды 2020-жылы 22-октябрда Жогорку Кеңеш кабыл алган.

Сүрөттөр «ПолитКлиника» / Гулиза Урустамбек кызы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты