Садыр Жапаровдун инаугурация аземи болот

  • 3 года мурун

Эртең, 28-январда, Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында жаңы шайланган Президент Садыр Жапаровдун кызматка киришүү аземи болот.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага катардагы жарандардан, коомдук ишмерлерден, чыгармачыл жана илимий интеллигенциянын өкүлдөрүнөн, ата мекендик жана чет элдик алдыңкы маалымат каражаттарынын жетекчилеринен турган миңден ашуун мейман чакырылган.

Иш-чара бардык санитардык-эпидемиологиялык талаптарга ылайык уюштурулууда. Чакырылгандар коронавирус инфекциясына ПЧР анализдерин тапшырышкандыгы белгиленжи.

Инаугурация аземи коомдук телерадиоберүү корпорациясы жана республикалык телеканалдар аркылуу, ишкек шаарынын борбордук «Ала-Тоо» аянтында шаардыктар үчүн иш-чара түз эфирде көрсөтүлөт. Азем саат 10.45те түз эфирде көрсөтүлөрү айтылды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты