​Мурдагы өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев кармалды

  • 3 года мурун

Мурдагы өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев кармалганын бир катар ЖМКлар жазды.

Маалыматка караганда, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети экс- премьер-министр Абылгазиевди мыйзамсыз баюу иш-аракетине байланыштуу кармады.

Алгач Абылгазиев күбө катары суракка чакырылган. Андан кийин кылмышка шектелип жаткандыгы билдирилди.

Мухаммедкалый Абылгазиев буга чейин экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы тарабынан пандемия учурунда гуманитардык жардамды бөлүштүрүү боюнча күбө катары суракка чакырылган.

Ошондой эле радиожыштык боюнча да ага кине коюлгандан кийин, 2020-жылы июнь айында премьер-министрлик кызматынан отставкага кеткен.

Мухаммедкалый Абылгазиев 2018-жылы апрелде премьер-министр болуп дайындалган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты