Мектептерде чуу жараткан жоолук, маселени чече албаган министрлик

19-январь күнү социалдык тармактарда Базар-Коргон районундагы №52- Генерал Бакиев мектебинин мугалими “Жоолуктун айынан жумуштан чыгарып жиберишти” деп айткан видеосу тараган. Аталган видео коомчулукта түрдүү пикирлерди жаратып, талкууга алынган.

Бул маселеге байланыштуу кээ бир Фейсбук колдонуучулары, «мектептерде бирдиктүү форма болсун жана хиджаб кийген окуучулар менен мугалимдерди мектепке киргизүүгө уруксат бербесин» деген талаптарын билдиришкен.

Ал эми, кээ бир интернет колдонуучулары Кыргыз Республикасынын мыйзамында мектептерде жоолукту чектей турган эч бир берене жок экенине токтолушуп, ушул кадамга барган мектеп директоруна чара көрүүнү талап кылышкан.

ПолитКлиника медиасы бул маселенин мыйзам чегиндеги талаптарын анализдеп көрдү.

Талаштуу мыйзамдар

КРнын 2003-жылдын 30-апрелинде кабыл алынган “Билим берүү жөнүндө мыйзамынын 3-беренесинде, ар бир жаран, улутуна, тилине, дин тутуусуна, саясий жана диний ынанымдарына жана башка жагдайларга карабастан билим алууга укуктуу деп жазылган.

Ал эми, талашка өбөлгө түзгөн 2015-жылы кабыл алынган токтомдо болсо , мектептерде кийилүүгө тийиш болгон кийимдердин тизмеси көрсөтүлүп, бирок “жоолук” салынууга уруксат берилет деген бөлүк камтылган эмес.

Башкача айтканда, мектепке хиджаб менен келүүгө уруксат берүүчү же чектөөчү мыйзам жок.

“Сага окшогон сойкулар жоолук салынат деп» шылдыңдашкан…”

Мээрим (аты өзгөртүлдү) Нарын облусундагы мектептердин биринде 7-класста окуп жүргөн кезинде хиджаб кийген. Мектебинде, алгачкылардан болуп жоолук салынf баштаганы үчүн мугалимдерден көп кордук көргөнүн айтат:

“Негизи хиджаб кийүүнү мага эч ким таңуулаган же кыйнаган эмес. Өз каалоом менен 7-класста окуп жүргөндө кие баштадым. Бирок, мектепке жоолукчан бара баштаган эң алгачкы күндөн тартып, 9-классты бүтүргөнгө чейин эле мугалимдерден жакшы сөз уккан жокмун. Мисалы кээ бир мугалимдер, “жаш эле туруп өзүңдү чектеп алдың”, “жоолукту катындар же күнөөсү барлар салынат” деп ар бир сабакка кирген сайын айта беришчү. Дагы бир жолу, башкаларга терс таасириңди тийгизип жатасың, деп жоолугумдан сүйрөп эшикке чыгарып коюшкан. Эң жаманы географиядан сабак берген эжейим классташтарымдын көзүнчө “сага окшогон сойкулар, бетин жаап жүрүп бүт былык иштерди кылышат” деп абдан зээнди кейиткен сөздөрдү айткан. Бирок, мен үчүн жоолук маанилүү болгондуктан айтылган бардык сөздөргө чыдадым деп билдирди.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 45-беренесине ылайык, ар бир жаран мамлекеттик билим берүү уюмдарынан орто билимди алууга укуктуу деп жазылган.

“Бул маселени атеисттик эмес, демократиялык жол менен чечиш керек”

Мектеп формасынын жана хиджаб кийүүнүн укуктук жактан чектөөлөрү тууралуу юрист Таттуубүбү Эргешбаева баары келип демократиянын принциптерине такалаарын айтат:

“Кыргызстан светтик мамлекет болгондуктан, бизде Ислам дини мамлекеттик деңгээлде каралбайт. Бирок, укуктук жактан биз демократиялык мамлекетте жашап жаткандыктан ар бир адам өзү каалагандай кийинүү укугуна ээ. Башкача айтканда, мыйзам чегинде мектептерде жоолукка чектөө киргизүү керек деген пункт жок. Менин оюмча, мектептерде жолук салынууга уруксат берилиш керек. Бирок, мамлекет жана администрациялар тарабынан көрүлүп жаткан чараларды да таптакыр туура эмес деп айтуу кыйын. Себеби, кээ бир учурларда жоолукту чектөөнүн максаты, чөйрө радикалдашып кетпесин, кыздарга кыйнап жолук салынбасын деген ойдо жасалат”, -деди Таттуубүбү Эргешбаева.

Белгилей кетсек, мыйзамда ар бир баланын билим алууга укугу кепилденгендиктен, мектептердин администрациялары окуучунун мектеп формасынын жоктугуна байланыштуу сабакка киргизбей коюуга акысы жок.

“Кызымды тозокко түшөсүң деп коркутуптур”

Мектептеги хиджаб маселесине байланыштуу окуучулардын ата энелерине байланышып сурап көргөнүбүздө, Өзгөн районунун тургуну Жылдыз жаш кыздардын жолук салынуусуна караманча каршы экенин билдирди:

“Негизи, эгер эрезеге жетип өз каалоосу менен оронгондор болсо туура эле. Бирок, мектепке жаңы барып баштаган кичинекей кыздарды оронтуп коюусуна аябай каршымын. Анткени, ал кыз өзү эч нерсени билбей эле ата-энесинин айтканы менен оронуп жатпайбы! Мисалы, менин кызым 5-класска окуп баштаганда, башка айылдан бир кыз келиптир. Көрсө ал кыз оронот экен. Бир күн кызым ыйлактап эле “апа мен тозокко түшөт турбаймынбы э?”- деп сурап калды. Эмнеге антип жатканын сурасам, баягы жаңы келген кыз “мен ороном, ошон үчүн мен бейишке чыгам, а силер оронбогон үчүн тозокко түшөсүңөр” деп айтыптыр. Бул жаш кыздын психологиясы үчүн оор да. Ошондуктан, биздин эски эле форма жакшы болчу. Анткени, баары бирдей, эч ким бөлүнбөйт эле”-деди.

Так жооп бербеген Билим берүү министрлиги

Билим берүү жана илим министрлигинин расмий сайтында, мектептердеги чечилбей жаткан жоолук маселесине байланыштуу билдирүү жасалган.

Билдирүүдө, Билим берүү жана илим министрлиги, алгач 2015-жылы кабыл алынган жана милдеттүү түрдө кийилүүсү керек болгон мектеп формалары тууралуу маалымат берген. Андан соң маалыматта “жоолукчан кыздардын укугу чектелбеши” керек деп көрсөтмө берилген. Бирок, жоолукка уруксат берилээри тууралуу да так маалымат айтылган эмес. Мындан сырткары, аталган маселени чечүү жолдору да сунушталган эмес. Бул боюнча, Билим берүү министрлигине байланышып сураганыбызда, “бардык маалыматты сайттан аласыз” деген жоопту уга алдык.

Жыйынтык, Кыргыз Республикасынын мыйзамында жоолукту чектеген жана ага уруксат берилгендиги так көрсөтүлгөн мыйзамдар жок.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты