Курсан Асанов кармалды

  • 3 года мурун

ИИМдин тергөө башкармалыгы ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановду кармады.

Бул тууралуу Курсан Асановдун адвокаты Икрамидин Айткулов ЖМКга билдирди.

Курсан Асанов кылмыш кодексинин 245-беренеси, имаратты басып алууга шектелип жаткандыгы кабарланды.

Асанов буга чейин «массалык башаламандыкты уюштурган» деген айып менен 9-октябрда кармалган.

Парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялар 5-октябрда Бишкекте митингге чыгып, анын аягы баш-аламандыкка айланган. 6-октябрга караган түнү митингчилер парламент менен президенттик аппараттын имаратын, УКМКны ээлеп, камактагы бир топ саясатчыларды, аны ичинде Алмазбек Атамбаевди бошоткон.

9-октябрда массалык баш-аламндыкты уюштургандыгы үчүн мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана анын тарапташтары — Темирлан Султанбеков, Фарид Ниязов, Канат Сагымбаев, Курсан Асанов кармалган.

2020-жылдын 12-октябрда Биринчи Май райондук сотунун чечимине ылайык, Курсан Асановду Бишкектеги №1 убактылуу абак жайына 2 айга, 13-декабрга чейин камоо чечими чыккан.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты