​АКШда Covid-19га каршы эмдөөдөн кийин каза болгон 55 адамдын он учуру анафилаксия деп табылган (Фактчекинг)

АКШнын 55 тургуну Pfizer / BioNTech жана Moderna вакцинасы менен эмделгенден кийин каза болгонун Россиянын “Известия” сайты “The Epoch Time” медициналык мекемелердин отчетторуна жана туугандарынын комментарийлерине шилтеме берүү менен билдиргенин жазган.

Белгиленгендей, бейтаптар эмдөөдөн кийин бир нече күндүн ичинде көз жумган. Ошондой эле, 14-январда Норвегияда Covid-19га каршы Pfizer / BioNTech эмдөөдөн кийин 23 адамдын каза болгондугу айтылган. Эмдөө компаниясы өлкөдө 2020-жылдын 27-декабрында башталган.

Буга чейин, 2020-жылдын декабрь айында Европанын Дары-дармек агенттиги (EMA) Европада колдонууга Pfizer / BioNTech вакцинасын, кийинчерээк Американын Moderna компаниясын ынвакцинасын Европа Биримдигинде колдонууга жактырган.

ПолитКлиника медиасы бул маалыматты текшерип көрдү.

Moderna вакцинасын алгандардын ичинен 1266 терс таасирлери катталган

2020-жылдын 18-декабрында Америка Кошмо Штатынын Тамак-аш жана дары-дармек менен камсыз кылуу башкармалыгы (FDA) Covid-19 ду алдын алуу үчүн, 1 ай аралыгында 2 дозада жүргүзүлгөн Moderna вакцинасын шашылыш пайдаланууга уруксат берген.

Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борбору (CDC) өзүнүн Жумалык ооруга чалдыгуу жана өлүм боюнча отчетунда, тагыраагы 2020-жылдын 21-декабрынан 2021-жылдын 10-январына чейинки отчетунда Америка Кошмо Штаттарына Moderna COVID-19 вакцинасынын 4 милн 41 миң 396 дозасын киргизгенден кийин 10 анафилаксиянын учурлары катталган. 10 учурдун ичинен 9 учурда, анафилаксия, катуу аллергиялык реакция, эмдөөдөн кийин 15 мүнөттүн ичинде болгон.

Pfizer-BioNTech вакцинасын алгандардын ичинен анафилаксиянын 21 учуру аныкталган

2020-жылдын 14-23-декабрь аралыгында вакцинанын кошумча таасирин отчеттуулук тутумунун көзөмөлү менен Pfizer-BioNTech COVID-19 вакцинасынын 1 млн 893 миң 360 дозасын киргизгенден кийин анафилаксиянын 21 учуру аныкталган. Алардын 71%ы эмдөөдөн кийин 15 мүнөттүн ичинде болгон.

Анафилаксия — өмүргө коркунуч туудурган аллергиялык реакция, вакцинациядан кийин сейрек кездешет жана адатта бир нече мүнөттүн ичинде же бир нече сааттын ичинде башталат. Каза болгондордун арасынан 10 учур анафилаксия деп табылган. Анын ичинен тогузу аллергиясы бар адамдар болгон.

CDC дарыгерлери шектүү аллергиялык реакциялардын жана анафилаксиянын сүрөттөлгөн отчетторун карап, Brighton Collaboration критерийлерин колдонуп, анафилаксия аныкташкан.

Алгачкы текшерүүдөн кийин, анафилаксияны көрсөткөн жетиштүү далилдери бар отчеттору, медициналык карталардан маалыматтарды топтоо — медициналык кызматкерлер жана саламаттыкты сактоо кызматкерлери жана айрым учурларда вакцина алуучулар менен түздөн-түз байланышуу аркылуу көзөмөлдөнгөн.

Анафилаксияга чалдыккан адамдардын орто жаш курагы 47 жашты түзгөн. Вакцинаны алгандан баштап, симптомдун башталышына чейинки аралык 7,5 мүнөттү түзгөн. Тогуз бейтап 15 мүнөттүн ичинде жана 30 мүнөттө бирөөндө анафилакциянын симптомдору башталган.

Америка Кошмо Штаттарында тогуз миллиондой адам Pfizer же Moderna коронавирусуна каршы вакцинасынын жок дегенде бир дозасын алышкан.

Норвегияда каза болгон 23 киши олуттуу оорулары бар жана улгайган адамдар болгон

Норвегияда коронавируска каршы эмдөө 42 миң кишинин арасында жүргүзүлүп, алардын ичинен 23 киши каза болгону айтылат. Норвегия Изилдөө институтунун маалыматына ылайык, бардык катталган өлүмдөр олуттуу оорулары бар жана улгайган адамдардын арасында, болгону аныкталган бирок, ал түздөн-түз Covid-19 га каршы эмдөөдөн кийин болгону далилденген эмес.

Ошондой эле, Epoch Times, вакцинага байланыштуу терс окуялар тууралуу отчет берүү тутумунун алынган маалыматка таянып, бейтаптар Covid-19 га каршы вакцинаны алгандан кийин бир нече күндүн ичинде көз жумганын билдирген.

Маалыматка ылайык, Колорадо штатындагы карылар үйүнүн 66 жаштагы тургуну Moderna вакцинасын алгандан кийин уйкусу келип, бир күн бою төшөктөн турбай калган. Эртеси эртең менен ал төшөктө көздөрү жарым ачык, оозу көбүктөнгөн абалда табылган. Жыйынтыгыныда, анын жүрөгү сокпой калган.

Pfizer, Modernа жана Sputnik V вакцинасы 90% дан ашык эффективдүүлүгүн көрсөткөн

Бүткүл Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына ылайык, 2020-жылдын 12-ноябрына чейин, 52 изилдөө борборунун сунуштаган вакциналрына “клиникалык изилдөө” жүргүзүүгө уруксат берилген.

Учурда Covid-19 га каршы 3 вакцина 90%дан ашык эффективдүү деп табылып, дүйнө жүзүндө кеңири колдонулуп жатат.

Алардын бири, Германиянын BioNTech борбору америкалык Pfizer компаниясы менен биргеликте иштеп чыккан BNT162b2 вакцинасы. Клиникалык изилдөө учурунда 43 миң 998 кишиге колдонулуп Covid-19 га каршы 95%га эффективдүү экени белгилүү болгон.

Башкача айтканда, эмдөөдөн өткөн ар бир 100 адамдын 95инде туруктуу иммунитет пайда болуп, вирус жуктуруу коркунучу болжол менен 20 эсеге азая турганы белгилүү болгон.

Россиянын Н.Ф.Гамалея атындагы Улуттук Эпидемиология жана Микробиология Илимий борборунун окумуштуулары тарабынан иштелип чыккан “Sputnik V” вакцинасы.

Изилдөөлөргө ылайык, “Sputnik V” вакцинасынын эффективдүүлүгү изилдөөнүн биринчи этабында 92%, ал эми 2-этабында 91,4% деп белгиленип, вакцина алгандардын 20сына гана таасир бербегени белгилүү болгон.

Америкада иштелип чыккан “Moderna” препараты да клиникалык изилдөөдө 94,50%дык эффективдүүлүгүн көрсөткөн. Moderna Covid-19 вакцинасынын мүмкүнчүлүгү аз катуу аллергиялык реакцияны жаратат. Адатта, катуу аллергиялык реакция вакцина дозасын алгандан кийин бир нече мүнөттөн бир саатка чейин камтылышы мүмкүн.

Moderna вакцинасы төмөнкүдөй аллергиялык реакцияларды жаратышы мүмкүн:

• Дем алуунун оорлошу

• Беттин жана тамактын шишиши

• Жүрөктүн тез кагышы

• Денеңиздин бардык жерлеринде ысыктар пайда болот

• Баш айлануу жана алсыроо.

Коронавирустук вакцинаны алган адамдар коштолгон оорулардан улам өлүп калышы мүмкүн

Медицина илимдеринин доктору Николай Малышев Pfizer жана BioNTechтен вакцина сайылган адамдар коштолгон оорулардан улам өлүп калышы мүмкүн, же болбосо оору сыноолор учурунда көрүнүшү мүмкүн экендигин билдирген.

«Адамдар коштогон оорулардан же күтүлбөгөн жерден каза болушат. Мисалы, ашказан жарасы же тешик аныкталат — адам өлөт. Кандайдыр бир жол менен адамдар, анын ичинде субъекттердин топторунда каза болушат. Кээ бир оорулар изилдөө учурунда пайда болот», — дейт Николай Малышев.

Жыйынтык: АКШда каза болгон 55 адамдын ичинен он адам анафилакциядан улам каза болгон. Ал эми калган учурлар боюнча азырынча изилдөөлөр жүрүп жатат.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты