​Бөрүбашев: Министрлер кабинетинин төрагасы президенттик администрация башчысы болот

  • 3 года мурун

Бүгүн, 26-январда, Конституциялык кеңешменин жыйыны өтүп жатат.

Комиссиянын төрагасы Бекбосун Бөрүбашевдин айтымында, министрлер кабинети өлкөдөгү аткаруу бийлиги деп эсептелет. Кабинеттин төрагасы президенттик администрациянын башчысы болот.

-Мындай болушунун эки себеби бар. Биринчиден, биз президенттик башкарууга бара жатабыз, андыктан Президент администрациясы менен бардык жоопкерчиликти өзүнө алат. Экинчиден, өзүңүздөр көрүп тургандай, президенттин администрациясында көптөгөн маселелер чечилип, жоопкерчилик өкмөттө. Болот. Ошондуктан ушул жылдар аралыгында биз өкмөттү 30 жолу алмаштырдык, — деди ал.

Конституция долбоору 17-октябрда талкууга коюлары менен коомчулуктун сын -пикирине кабылган.

2020-жылы 20-ноябрда президенттин милдетин аткаруучунун жарлыгы менен 80ден ашуун окумуштуудан жана коомдук ишмерден турган Конституциялык кеңешме түзүлгөн. Ал кеңешмеге Конституциянын жаңы долбоорун талкуулоо жана парламентке сунуш киргизүү милдети жүктөлгөн.

10-январда Кыргызстанда башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум өттү. Президенттик республиканы колдогондордун саны — 1 136 155 же добуш берүүгө катышкан референдумдун катышуучуларынын 81,49 пайызы болуп эсептелет.

Конституциянын бул долбоору боюнча президенттик бийлик күчөтүлүп, курултай киргизилип, Жогорку Кеңеш бир мандаттуу жана партиялык системаларга ылайык депутаттардын саны байкалаарлык кыскарат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты