​250 миң доллар опузалоого шектелгендердин бири Улан Жураев үй камагына чыкты

  • 3 года мурун

«Кыргыз темир жолу» ишканасынын жетекчилигинен 250 миң доллар доолады деген шек менен кармалган Улан Жураев 23-январда үй камагына чыккандыгы белгилүү болду.

Бул тууралуу ЖМКга Биринчи май райондук сотунан билдиришти.

Атайын кызмат тараткан маалыматка ылайык, 8-январда УКМКнын коррупцияга каршы кызматы «Кыргыз темир жолу» ишканасынын жетекчилигинин арызынын негизинде, Жазык кодексинин «Опузалап талап кылуу» беренеси менен сотко чейинки териштирүүнү баштаган.

Тергөөнүн жүрүшүндө аныкталгандай, «М.А.» жана «У.Д.» аттуу жарандар укук коргоо органдары ишкананы текшерет жана жетекчилигине каршы митинг уюштурулат деп коркутуп, «Кыргыз темир жолунун» башчыларынан 250 миң доллар талап кылышкан. Алар 10-январда кармалган.

ЖМКлар пара опузалоо менен кармалгандар Мелис Аспеков менен Улан Жураев экенин билдиришкен.

Мелис Аспеков менен Улан Жураев 9-мартка чейин камакта калтырылган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты