Красноярск-Ош-Красноярск багытында чартердик аба каттамы ачылды

  • 3 года мурун

2021-жылдын 23-январынан тарта Красноярск-Ош-Краснорск чартердик аба каттамы ишке кирди.

Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы билдирди.

“Икар” авиакомпаниясы аткарган Красноярск-Ош багытындагы каттамды Ош эл аралык аэропорту күтүп алды.

Алгачкы каттамда Ошко 125 жүргүнчү келип, Красноярск шаарына 189 жүргүнчү учуп кетти.

Чартердик каттам жумасына 1 жолу, ишемби күндөрү учат.

Сүрөт: «Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты