Бекешев: Коронавируска каршы эмдөөнү Президент, төрага, премьерден баштоо керек

  • 3 года мурун

Жогорку Кеңештин 21-январда өтүп жаткан жыйынында депутат Дастан Бекешев коронавируска каршы эмдөөнүн россиялык жана америкалык вакциналарынан тышкары башка өлкөлөрдөн чыккандарын да карап көрүү экенин билдирди. Ошондой эле коронавируска каршы эмдөөгө эл ишениш үчүн эмдөөнү түз эфирде Президентке, Жогорку Кеңештин төрагасына жана премьер-министрге жасоодон баштоо керектигин билдирди.

«Pfizer вакцинасын алуу үчүн аны сактоого муздаткыч жок, муздаткыч сатып алууга каражат жок экени айтылып жатат. Анын ордуна «Спутник V» сунуш кылынып жатат. Бирок башка да вакциналар бар да. Кандай болгон күндө да эмдөөнү Президент, төрага, премьер-министрден башташ керек. Эл ага ишенип, эмдөөгө макул болуш үчүн процедураны түз эфирде көрсөтүш керек, -деди Бекешев.

Буга чейин саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев каржылык кыйынчылыктарга байланыштуу Кыргызстан коронавируска каршы америкалык вакцинадан баш тартууда,- деп билдирген.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты