​Мамлекеттик ишмер Радбек Ешмамбетовдун элеси бекем сакталат

  • 3 года мурун

2021-жылдын 20-январында 72 жаш курагында «легендарлуу» парламенттин депутаты, экология жана өзгөчө кырдаалдар экс-министри, Жогорку Кеӊеш аппаратынын мурдагы жетекчиси Радбек Ешмамбетов каза болду. Анын сөөгү бүгүн жерге берилет.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештинсайты некролог жарыялады.

Маалыматта айтылгандай, Радбек Ешмамбетов 1949-жылдын 29-августунда Ош шаарында туулган. Ленинград политехникалык институтунун гидротехникалык факультетин, КПСС БКга караштуу Коомдук илимдер академиясын бүтүргөн.

Эмгек жолун 1973-жылы Кара-Көл шаарындагы «Нарынгидроэнергокурулуш» Су-ГЭСте мастер болуудан баштаган.

1990-1995-жылдары «легендарлуу» парламенттин депутаты болуп турганда, 1991-жылы Кыргыз ССР Компартиясынын Фрунзе шаардык комитетинин биринчи секретары болуп дайындалган.

Ал 2011-жылдан 2016-жылга чейин Жогорку Кеӊештин аппарат жетекчиси болуп эмгектенген.

Радбек Ешмамбетов белгилүү мамлекеттик ишмер эле, анын жаркын элеси мекендештеринин жүрөк түпкүрүндө бекем сакталат деп Жогорку Кеңеш депутаттары, мамлекеттик ишмерлер, аппарат кызматкерлери үй-бүлөсүнө, жакындарына көңүл айтуу жарыялады.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты