​БШК Садыр Жапаров Президент болуп шайланганын расмий билдирди

  • 3 года мурун

Борбордук шайлоо комиссиясы 2021-жылы 10-январда болуп өткөн мөөнөтүнөн мурда шайлоонун жыйынтыгын чыгарды.

Президенттик кызмат ордуна талапкер Садыр Жапаров 1 105 248 добуш алды, бул 79,20 %, башкача айтканда, шайлоого катышкан бардык шайлоочулардын добуштарынын жарымынан көбүн түзөт.

БШК Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын Президенти болуп шайланганын расмий жарыялады.

Президенттин кызмат ордуна киришип жаткан учурда Садыр Жапаровго Кыргыз Республикасынын Президенти болуп шайланганы тууралуу ырастама, айырмачылык белгилери – Президенттин төш белгиси жана аты, фамилиясы, ыйгарым укуктарынын мөөнөтү чегилип жазылган штандарты (туусу) тапшырылсын деп токтом кылды.

Шайлоочулардын тизмесине киргизилген шайлоочулардын жалпы саны — 3 563 574 шайлоочуну түздү.

Шайлоодо добуш берген шайлоочулардын саны — 1 395 513 адам, бул шайлоочулардын тизмесине киргизилген шайлоочулардын жалпы санынан 39,16 % түзөт.

10-январда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо жана референдум өттү. Анда алдын ала жыйынтыктар боюнча Садыр Жапаров алдыга озуп чыккан.

Сүрөт: APF.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты