“Жаңы Конституциялык реформанын артынан кайрадан президенттик шайлоо өтүшү керек”

Баяндар

10-январда президенттик башкаруу формасы көпчүлүктүн колдоосун тапты. Айрым юристтер Конституциялык рефороманын экинчи туру өткөрүлө турган болсо, кайрадан президенттик шайлоо өткөрүлүүсү керектигин айтып жатышат. ПолитКлиника медиасы бул маселени тактап көрдү.

10-январда Кыргызстан президенттик шайлоо менен бирге мамлкеттик башкаруу формасын тандап алды. 24-январда БШК өткөрүлгөн шайлоолордуун акыркы чечимин чыгарса, Садыр Жапаровдун инаугурациясы өтөт. Мыйзамдуу түрдө ант бергенден тартып Садыр Жапаров президенттик кызматка киришет.

Садыр Жапаров 10-январь күнү журналисттерге берген маалымат жыйынында Конституциялык кеңеш тандалып алынган башкаруу формасына ылайык Конституциянын жаңы долбоорун Жогорку Кеңешке сунуштап, Жогорку Кеңеш өз кезегинде референдум жарыялаш керек экенин айткан.

Айрым саясатчылар, юристтер конституциялык реформадан соң, жаңы конституцияга ылайык кайрадан президенттик шайлоо өтүшү керек деп эсептешет.

Феликс Кулов: “Мамлекеттик-укуктук кризис болуп жатканы айдан ачык”

Жаңы Конституциянын долбооруна ылайык, буга чейин баарына белгилүү болгондой, президентке жаңы ыйгарым укуктарды берүү пландаштырылууда жана ал бир гана мамлекет башчысы эмес, ошондой эле өкмөттү жетектеген аткаруу бийлигинин башчысы болот. Ошентип, бизде мурунку бийликтерге салыштырмалуу жаңы жана кеңири ыйгарым укуктарга ээ мамлекет башчы болоорун айткан саясатчы Феликс Кулов:

Жаңы юридикалык жумуш статусу пайда болот. Ошондуктан жаңы шайлоо өткөрүлүшү керек. Кырдаалды түшүнүү жана жөнөкөйлөтүү үчүн практикадан мисалдарды алалы. Эгерде кайсы бир бөлүмдө кандайдыр бир түзүмдүк жана штаттык кайра түзүүлөр болсо, анда андан кийин тиешелүү буйрук чыгарылып, жаңы жетекчини жана анын кол алдындагыларды дайындоо же шайлоо жөнүндө буйрук чыгарылат. Ушундай эле маселе, эки кызмат ордуна бир кызмат түзүлүп, жаңы структуралык-штаттык бирдик пайда болуп жатпайбы”, - деди ал.

Анын айтымында эгерде жаңы Конституцияны кабыл алуу жөнүндө мыйзамда азыркы президентке жаңы ыйгарым укуктардын берилүүсү жөзүндө жазыла турган болсо, анда эки суроо туулат: биринчиси Конституциянын жаңы долбоорун колдоо жөнүндө, экинчиси учурдагы президентке берилүүчү жаңы күчтөр жөнүндө .

Жыйынтыгында президентке бир топ жаңы ыйгарым укуктарды берүү үчүн үгүт жүргүзүшөт, экинчиси ага мүмкүнчүлүк бербөөгө үндөйт. “Президентибиз жакшы деп айтып үгүттөгүдөй бул шайлоо эмес. Бирок ал убадаларын аткара албайт экен. Анткени белгилүү болгондой, ага ыйгарым укуктап жетишпейт экен. Ал эми экинчи анти үгүт тобу жеңип чыкса, анда парадоксалдуу кырдаал жаралат: Конституция кабыл алынды дейли, анда эмне президентке жаңы ыйгарым укуктар берилбейби?”, - деген билдирүүсүн калтырган.


Эгер президенттин ыйгарым укуктары күчөсө, анда кайрадан президенттик шайлоого барыш керек

Кыргызстандын юристтер жамаатынын координатору Таттуубүбү Эргешбаева: Моралдык укуктар жактан алып караганда дүйнө жүзүндө президенттик же парламенттик бирдей стандарттар менен аныкталган, универсалдуу кандайдыр бир эрежелер жок экендигине токтолду: “Бир шарт менен президенттик да, парламенттик да система жакшы иштеши мүмкүн, эгерде бийлик бутактары ортосунда баланс сакталган болсо. Ал эми нормалар сакталып сакталбаганын, туура же туура эместигин мыйзам долбоорун көргөндө гана айта алабыз. Референдумда мындай долбоор тиркелген жок. Эгер ал долбоорлоор тиркелбесе, анда бул фундаменталдуу ката”, - деди.

Ошондой эле анын айтуусу боюнча Референдум жөнүндөгү Конституциялык мыйзамда 8-берененин 10-пунктунда референдумга кайсы суроолор алынып чыкпары жөнүндө жазылат. Ага ылайык мамлекеттик бийликтин өкүлчүлүктүү жана аткаруу органдарынын кызмат адамдарын шайлоо, дайындоо жана бошотуу менен байланышкан маселелер референдумга коюлбайт. Башкача айтканда референдумга конституциянын жаңы долбооруна макулмун же каршымын деген эки графанын жанына президенттин ыйгарым укуктары көбөйгөнгө макулмун деген графаны кошо албайбыз. “Эгер президенттин ыйгарым укуктары күчөсө, анда кайрадан президенттик шайлоого барыш керек. Себеби, конституциялык реформага кошуп шайлоо процедурасы менен келген бийликтин өкүлдөрүн бир бюллетень менен өткөрө албайбыз”,- деп айтты.

Сөзүнүн аягында мамлекеттик бюджетти сактап калыш үчүн, Конституциялык референдумду быйыл өткөрбөй, 1-2 жыл социалдык, экономикалык кырдаалды жакшырткандан кийин кайрылсак болорун белгиледи.

Конституциялык референдум өткөндөн кийин кайрадан президенттик шайлоого баруу туура эмес

БШКнын мурунку мүчөсү Атыр Абдрахматова Кыргызстанда мыйдай окуя болбогонун, азыркы жаралган жагдайды чечмелөө жолу мыйзамда жок экендигин айтты: “Биз президентти шайлаган күнү, башкаруу формасына да добуш бердик. Президент азыркы иштеп жаткан Конституция менен шайланды, демек азыркы Конституцияда көрсөтүлгөн укук-милдеттерге ээ. Ошол эле учурда азыркы президент башкаруу формасын өзгөртүлгөн күндө шайланды. Шайланган президенттин жарандар менен укуктук мамилеси ошол күнү пайда болду. Ошол эле күнү башкаруу формасын өзгөртүү да күчүнө кирди”,- деди.

Ошондой эле Атыр Абдрахматова Конституциялык референдум өткөндөн кийин кайтадан президенттик шайлоого баруу туура эмес экендигин айтты. Эл башкаруу формасын тандап алгандан кийин, жаңы Конституциянын маңызы жаңы башкаруу формасына ылайык болушу керек. “Бизде алдыда 440тан ашуун бардык жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлашыбыз керек. Буга бюджеттен 500млн.дун тегерегинде акча сарпталат. Конституциянын маңызын өзгөртүүчү референдумду ошол күнгө койсок бир аз акча үнөмдөлөт. Ал 300 млн сомдун айланасында болот. Биз сөзсүз түрдө парламенттик шайлоону өткөрүшүбүз керек. Жаңы Конституция, жаңы башкаруу формасы кабыл алынып жаткандан кийин, бизде таптакыр жаңы парламенттик шайлоо болот. Кайра президентти шайлоого бара турган болсок, быйылкы жылдагы бюджет бүт шайлоолорго сарпталат, эгер бюджетте акча бар болсо”,- деп сөзүн жыйынтыктады.

Кийин легитимдүүлүк маселеси сөзсүз чыгат

Саясий серепчи Айданбек Акматовдун айтымында жаңы Конституция кабыл алынса, күтүлүп жаткандай президенттин ыйгарым укуктар өсөт. Жаңы Конституция менен кайрадан шайлап албасак, кийин легитимдүүлүк маселеси сөзсүз чыгат. “Биз президентти азыркы иштеп турган Конституция менен шайладык. Ал жакта президенттин укуктары чектелген. Каалайбызбы, каалабайбызбы президентти шайлаган учурда ага мындай укуктар каралган эмес деген талаш-тартыштар кийин сөзсүз чыгат”,- деген пикирин айтты. Ошондой эле 10-январда жөн гана элдин пикири суралганын, дароо президенттик же парламенттик башкарууга өт деген маселе жок экендигин кошумчалады.

Жогорку Кеңештин 80 депутаты тарабынан жазылып чыккан Конституциянын долбоору кескин сынга кабылган. Ошол убакыттагы премьер-министр жана президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдун демилгеси Конституциялык кеңешме түзүлүп, ал долбоордун үстүнөн иштеп жатат.