Журналист Шаиста Шатманова: Депутат Матраимов басым жасады

  • 3 года мурун

«Супер ТВ» медиасынын журналисти Шаиста Шатманова Райымбек Матраимовго байланыштуу маселени көтөрбөө тууралуу телефон аркылуу эскертүү болгонун Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Мындай сунуш президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов менен видеомаек (#Саясий коктейл) уюштуруу максатында суроолорду аталган дарекке алдын ала жөнөткөндөн кийин берилген.

Журналисттин жазганына караганда, Мамытовго берилчү суроолордун арасында Матраимовго байланыштуу, анын ичинде Матраимовдордун кызыкчылыгын коргоп жүргөн адвокаттын Мамытов тарабынан «судья кылып дайындалышы тууралуу да суроолор бар болчу».

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун коррупциялык чуулуу иштери тууралуу буга чейин бир катар журналисттик иликтөөлөр чыккан.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Райымбек Матраимовго 2020-жылдын октябрында кылмыш ишин козгоп, 20-октябрда кармаган.

Тергөө маалыматтарында Матраимов жана бажыдагы башка кызмат адамдары 2016-жылдын башында бажы системасында коррупциялык схема түзүшкөнү, мамлекетке өзгөчө чоң өлчөмдө зыян келтирген бул схема азыркыга чейин иштеп турганы кабарланган.

Ошол эле күнү сот Матраимовду тергөө менен кызматташканы үчүн эч жакка кетпөө жөнүндө тилкат жазып берүүгө милдеттендирип бошоткон.

Кийинчерээк ал бюджетке 2 млрд. сом төлөгөнү расмий кабарланган. Каражаттын 1 млрд. 400 млн. сому акчалай, калганы бир соода борбору, тогуз батир түрүндө төлөнгөн.

Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов 6-январдагы жарлыгы менен дайындаган судьялардын арасында Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн жана Ысмайыл Матраимов фондунун кызыкчылыктарын коргоп келаткан адвокат Лейла Байдаева да бар. Мамытовдун басма сөз кызматы «судьяны бекитпей коюуга эч кандай негиз жок болчу» деп учурунда билдирген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты