Каржылык кыйынчылыктан улам Кыргызстан коронавируска каршы америкалык вакцинадан баш тартууда

  • 3 года мурун

Каржылык кыйынчылыктарга байланыштуу Кыргызстан коронавируска каршы америкалык вакцинадан баш тартууда,- деп билдирди саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Биринчи радиого берген маегинде.

Анын айтымында, Глобалдык вакцина Альянсы (COVAX) дүңүнөн сатып алууга каражаты жок өлкөлөргө дары-дармектерди акысыз берип жатат. Тактап айтканда, Кыргызстанга Pfizer вакцинасын карап чыгуу сунушталды жана альянстын мүчөсү катары 1,2 миллион доза бериле турган болгон.

«COVAX тизмесиндеги сегиз вакцинанын ичинен биз Pfizer компаниясынын кароосуна жиберилгенбиз. Бирок биз альянс менен дагы бир дары-дармектерди берүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө сүйлөшөбүз.

Pfizer бул жакшы вакцина, бирок аны Кыргызстанга алып келип, калкка жеткирүү үчүн, -70 градус сактоочу температураны камсыз кылган муздаткычтар керек. Бизде андай жок. Каржы министрлигине кайрылдык, бирок каражат жок.

Муздаткычтарды жок дегенде ири шаарларга, облус борборлоруна жеткирүү үчүн 2 миллион доллар керек «, — деп түшүндүрдү Бейшеналиев.

Министр альянстын тизмесинде үч орусиялык вакцина жок экенине өкүнүчүн билдирди.

«Биз Кыргызстандын жетекчилигинен Россиянын мамлекет башчысы Владимир Путинге 500 миң доза вакцина сураган кат жөнөттүк. Россиянын саламаттык сактоо министри Мурашко буга макул болду. Маселе жакын арада чечилет. Бул вакцинанын компоненттерин сактоо үчүн –2ден –18 градуска чейин муздак температура керек. Бизде мындай муздаткычтар бар, — деди саламаттык сактоо министри.

Буга чейин 11-январда өлкөгө Pfizer вакцинасынын документтери келип түшкөндүгү маалымдалган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты