​Депутаттар Бишкек мэрине жана шаар бийлигинин өкүлдөрүнө чара көрүүнү сунуштайт

  • 3 года мурун

Депутаттар Бишкек шаарынын мэрин жана шаар бийлигинин башка тийиштүү өкүлдөрүн кызматтан алуу тууралуу сунушту Президентке жолдомой болду.

Мындай чечимге Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаевдин бүгүн, 19-январдагы, Жогорку Кеңештин транспорт, архитектура жана курулуш комитетинин жыйынына келбей койгону себеп болду.

Бүгүн комитетте курулуштагы көйгөйлөр жана курулуш үчүн документтерди берүү процедураларын оптималдаштыруу боюнча маселе каралмак. Суроолордун көпчүлүгү шаар бийлигинин өкүлдөрүнө болмок.

Жыйынга мэриянын өкүлү келбегени депутаттарды нааразы кылды.

— Ушуну менен мэрия Жогорку Кеңештин жыйынын этибарга албай, экинчи жолу келген жок. Эгер мындай болсо мэрия боюнча биз да чечим чыгарып берели. Бишкек архитектурасын мамлекеттик курулуш агенттигине өткөрүп берүү тууралуу өкмөттүн токтому чыккан. Токтомду да мэрия аткарбай кечеңдетип жатат, — деди депутат Тынчтыкбек Конушбаев.

Бул пикирди колдогон депутат Кубанычбек Жумалиев мэрди жана маселеге тийиштүү жетекчилерди кызматынан алуу тууралуу кат жазып, Президентке жөнөтүү сунушун берди.

Рыскелди Момбеков курулуш тармагындагы бардык коррупциялык схемалар мэрияда орун алып жатканын сынга алды.

-Бул биринчи жолу эмес, экинчи жолу кайталанууда. Мыйзам боюнча биздин укук бар мэрди чакырганга. Мынакей буга чейин Бишкектин төрт мэри отуруп чыкты. Бүгүн дагы эмнеге мэр келген жок? Анткени курулуш тармагы боюнча коррупция беренеси менен көпчүлүгү абакта жатат. Бишкектин мурунку башкы архитектору коррупция менен кармалып, жакында чыкты. Ар бир үчүнчү кылмыш ушул мэрияда болот. Комитет ушундай коррупцияны демонтаж кылайын деп жатса, мэр өзү келбегени бул чыныгы саботаж. Ал аз келгенсип, бир да өкүлүн жөнөткөн жок,- деди Момбеков.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты