​COVID-19: 123 кишиден аныкталды. Эки бейтап каза болду

  • 3 года мурун

17-январга карата өлкөдө бир суткада коронавирустун 123 учуру катталды.

Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:

Бишкек – 42;
Ош — 1;
Чүй облусу – 33;
Ош облусу — 10;
Талас облусу — 2;
Нарын облусу — 7;
Ысык-Көл облусу – 22;
Жалал-Абад облусу – 6;
Баткен облусу – 0.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча медициналык кызматкерлер арасында коронавирус жуктуруп алган — 8 учур катталды, алардын ичинен 2 учур «кызыл зонада».

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 4158 учур катталды, алардын ичинен 4055 медкызматкер сакайды.

Коронавирустан өткөн суткада 128 киши айыгып чыкты. Айыгып чыккандардын жалпы саны 78 994 киши болду.

Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 83109 кишиге жетти.

Өткөн суткада COVID-19 дан 2 киши каза тапты. Каза тапкандардын жалпы саны 1384 кишиге жетти. (Расмий такталып чыккандан кийин).

Бул тууралуу республикалык штаб билдирди.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты