​АКШ элчилиги: Кыргызстандагы шайлоо тууралуу

  • 3 года мурун

Америка Кошмо Штаттары Садыр Жапаровду Кыргыз Республикасынын Президенти болуп шайланды деп тааныйт. Ошондой эле демократиялык институттарды чыңдоо, экономикалык өнүгүү, COVID-19 пандемиясына каршы биргелешип чара көрүү жана коррупцияга менен эл аралык уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү жаатында кызматташууну жана эки өлкө ортосундагы өнөктөштүктү тереңдетүү үчүн жаңы шайланган Президент Жапаров менен иштешүү мүмкүнчүлүгүн чыдамсыздык менен күтөрүн билдирди.

Билдирүүдө мындай деп айтылат:

— Кыргызстанда болуп өтөкн мөөнөтүнөн мурда Президенттик шайлоону таанай тургандыгын жана Америка Кошмо Штаттары 10-январда орун алган президенттик шайлоого активдүү катышкандыгы менен кыргыз элин куттуктайт. Борбордук шайлоо комиссиясын COVID-19 пандемиясынын сыноолоруна карабастан, шайлоону жакшы деңгээлде уюштургандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) Демократиялык Институттар жана адам укуктары бюросу ) узак мөөнөттүү байкоо жүргүзүү миссиясын жүргүзүп, добуш берүү айрым олуттуу мыйзам бузууларга карабастан, тынч өткөнүн аныктады. Демократиялык институттар жана адам укуктары бюросу байкоочулар миссиясы шайлоочулар өз добуштарынакылга сыярлык купуялуулук менен бере алгандыгын жана добуш берүү ирээти мененөткөнүн белгилешти.

Демократиялык институттар жана адам укуктары бюросу ошондой эле, бир талапкер пропорциялуу эмес каржылык каражаттардан жана административдик ресурстарды туура эмес пайдалануудан пайда көрүп, натыйжада бирдей шарттар түзүлгөн эмес деп белгиледи. Ал эми жергиликтүү “Жалпы Иш” (Common Cause) байкоо уюму үгүт өнөктүгүнүн мезгилинде жана шайлоо күнү шайлоочуларды коркутуп-үркүтүү боюнча көптөгөн ишенимдүү айыптоолорду белгиледи.

Биз Кыргызстандын укук коргоо органдарын учурда колдонулуп жаткан конституциялык ченемдерге жана мыйзамдарга ылайык ушул болжолдонгон мыйзам бузууларды териштирүүгө чакырабыз. Америка Кошмо Штаттарында болгон акыркы окуялар, демократия ар дайым жүрүп турган иш экендигин жана күчтүү, көз карандысыз демократиялык институттарга берилүүнү талап кылаарын экертип турат.

Америка Кошмо Штаттары Садыр Жапаровду Кыргыз Республикасынын Президенти болуп шайланганды деп тааныйт. Биз демократиялык институттарды чыңдоо, экономикалык өнүгүү, COVID-19 пандемиясына каршы биргелешип чара көрүү жана коррупцияга менен эл аралык уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү жаатында кызматташууну жана эки өлкө ортосундагы өнөктөштүктү тереңдетүү үчүн жаңы шайланган Президент Жапаров менен иштешүү мүмкүнчүлүгүн чыдамсыздык менен күтөбүз.

Кыргызстанда мөөнөтүн мурда Президенттик шайлоо 10-январда өттү. Алдын-ала жыйынтык боюнча Садыр Жапаров 79,32% менен алдыга чыкты.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты