​Экзит пол: Казакстандагы парламенттик шайлоодо «Нур Отан» партиясы жеңишке жетишти

  • 3 года мурун

Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаев жетектеген “Нур Отан” партиясы парламенттин төмөнкү палатасына өткөн шайлоодо жеңишке жетишти.

Бул тууралуу “Коомдук пикир” институту жүргүзгөн экзит-полдун жыйынтыгында айтылат.

Сурамжылоого ылайык, башкаруучу партия шайлоочулардын 70% көбүнүн добушуна ээ болгон. Мындан тышкары парламентке дагы эки партия – «Ак жол» менен Казакстандын калк партиясы өтөт. Бул партиялар бийликти жактайт жана мажилистин азыркы курамында да бар. Шайлоого катышкан калган эки партия мандатка ээ боло албай калды. Расмий маалымат боюнча шайлоого жалпы добуш берүүчүлөрдүн 63% катышты.

Мажилиске шайлоо 2019-жылы Назарбаев президенттиктен кетип, анын ордуна Касым-Жомарт Токаев келгенден бери биринчи жолу болууда. Оппозициячыл топтор саясий өнөктүккө катышкан жок. 10-январь күнү Казакстандын бир нече шаарларында шайлоого бойкот жарыялоого үндөгөн нааразылык акциялары өттү.Айрым байкоочулар шайлоо тилкелерине киргизилбегени айтылды. Бийлик эч кандай мыйзам бузуу болбогонун билдирүүдө.

Эл аралык байкоочулар Казакстандагы шайлоолор оппозицияны куугунтуктоо жана добуш берүүнүн жыйынтыгын бурмалоо менен коштолгонун баса белгилешти.

Сүрөт: RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты