​ID карта күтүп жаткан жарандар 10-январда кечке чейин Мамлекеттик каттоого кайрылса болот

  • 3 года мурун

Мамлекеттик каттоо кызматы 10-январда кечке чейин иштей турганын маалымдап, ID карттарын күтүп жаткан жарандар документтерин алып кетип, шайлоого катышса болоорун билдирди.

Мекеменин төрагасы Акын Мамбеталиевдин айтымында, ушул кезге чейин өлкө боюнча 40 миң жаран мамлекеттик каттоо кызматына кайрылып, добуш берүү тилкелери боюнча суроо узатып, такташкан. Ал бул жолку шайлоодо №2 форма аркылуу добуш берүү алынып салынгандыктан аймактардагы шайлоочулардын санында өзгөрүүлөр болгонун белгиледи. Ошондой эле добуш берүү укугу чектелип калышы мүмкүн деген жарандардын маселесин чечүү аракети көрүлгөнүн билдирди.

Бүгүн Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо жана мамлекетти башкаруунун формасын тандоо боюнча референдум өтүүдө. Президенттик жарышка адегенде 18 талапкер чыккан, анын бири баш тартып, 17си калган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты