​Президенттик шайлоо жана референдумда 2474 шайлоо участогу ачылган

  • 3 года мурун

Добуш берүүнү алгач 03.00 – Россиянын Южно-Сахалинск шаарында жашаган кыргызстандыктар баштады (Бишкек убактысы боюнча).

04.00 – Владивосток шаары, 05.00 – Якутск шаары,06.00 – Иркутск шаары, 07.00 – Новосибирск шаарында жашаган кыргызстандыктар добуш бере баштады.

Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого жана КР башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумга добуш берүү үчүн бардыгы 2 474 шайлоо участогу ачылып, алардын ичине 48и чет өлкөлөрдө ачылган.

10-январдагы мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуучу шайлоочулардын тизмеси жана референдумдун катышуучуларынын тизмеси мазмуну боюнча окшош. Бирок добуш берүү күнү шайлоого катышкандардын саны жана референдумга катышкандардын эсеби – ар бири өзүнчө жүргүзүлөт.

Шайлоочулардын жалпы саны – 3 563 574 Кыргызстандын жараны, алардын ичинен чет өлкөлөрдөгү тизмеде 49 479 жаран бар.

2015-жылдан тарта Кыргыз Республикасында шайлоочулардын саны 802 миң 277 адамга же +29,05 пайызга көбөйгөн.

2017-жылга салыштырганда шайлоочулардын санынын өсүшү 537 миң 804 адамга же 18 пайызга өскөн.

Ал эми 2020-жылдын 4-октябрына салыштырмалуу шайлоочулардын санынын өсүшү 40 миң 20 адамды же 1,14 пайызды түзгөн.

Шайлоочулардын тизмесинин көбөйүшү калктын табигый өсүүсүнүн эсебинен жана шайлоочулардын тизмесин жакшыртуу боюнча үзгүлтүксүз аткарылган иштерден улам болууда.

Шайлоочулардын жалпы санынын 52,21 пайызы – аялдар, 47,679 пайызы – эркектер. 18 жаштан 30 жашка чейинки шайлоочулардын саны, жалпы шайлоочулардын санынын 31 пайызынан жогору болуп эсептелет.

54 аймактык жана 2 474 участкалык комиссиялардагы мүчөлөрдүн саны: АШКда – 650 адамды, УШКда – 31 119 адамды түзөт.

2020-жылдын 12-декабрында Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер болуп 18 адам катталган, алар кол тамгалар коюлган баракчаларды тапшырып, күрөөнү төлөшкөн. Боршайком 2020-жылдын 31-декабрындагы жыйынында КР Президенти кызматына талапкер Рашид Тагаевдин каттоосун ал берген арыздын негизинде жокко чыгарган. Ал тизмеден чыгарылгандан кийин 17 талапкер калган.

БШКнын 24-октябрдагы жыйынында Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген.

Аталган мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2020-жылдын 10-декабрында кабыл алынган. Кабыл алынган мыйзамда Кыргыз Республикасынын бардык аймагында 2021-жылдын 10-январына, жекшемби күнгө, референдум дайындоо каралган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты