УКМК: «Кыргыз темир жолунун» жетекчилигинен ири пара опузалагандар кармалды

  • 3 года мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын жетекчилигинен 250 миң доллар талап кылган деген шек менен эки жарандык активистти кармады.

Атайын кызмат тараткан маалыматка ылайык, 8-январда УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы «Кыргыз темир жолу» ишканасынын жетекчилигинин арызынын негизинде, Жазык кодексинин «Опузалап талап кылуу» беренеси менен сотко чейинки териштирүүнү баштаган.

Тергөөнүн жүрүшүндө аныкталгандай, «М.А.» жана «У.Д.» деген жарандар укук коргоо органдары ишкананы текшерет жана жетекчилигине каршы митинг уюштурулат деп коркутуп, «Кыргыз темир жолунун» башчыларынан 250 миң доллар талап кылышкан.

ЖМКлар пара опузалоо менен кармалгандар Мелис Аспеков менен Улан Джураев экени айтылууда.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты