Күйүүчү-майлоочу майдын баасынын кымбатташы күтүлүүдө

  • 3 года мурун

Экономика министрлиги Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майдын баасы 7-15 сомго кымбаттаарын божомолдоодо.

Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти. Министрликтин жетекчисинин кеңешчиси Нургүл Акимованын айтымында, август айында киргизилген “евро 5тен” төмөн класстагы бензинди сатууга тыюу салуу күйүүчү майдын баасына таасир этет.

Кыргызстан ЕАЭБге киргенде бийлик техникалык регламентке кол койгон, ага ылайык өлкө “евро 5” бензинине өтүшү керек. Бул колдонулган газдагы зыяндуу заттардын курамын жөнгө салуучу экологиялык стандарт. ЕАЭБдин Кыргызстанга күйүүчү-майлоочу майдын экологиялык эмес түрлөрүн ташып келүүгө жана сатууга тыюу салуу боюнча техникалык регламенти 2019-жылдын 12-августунда күчүнө кириши керек болчу.

Бирок экономика министрлиги буга чейин Евразия комиссиясына кийинкиге жылдыруу өтүнүчү менен кайрылган. Кыргызстанга 2021-жылдын августуна чейин убакыт берилди. Ушул мөөнөттөн кийин нефтетрейдерлерге К-4 жана К-5 класстарынан төмөн күйүүчү-майлоочу материалдарды алып келүүгө (Евро 4 жана Евро 5ке салыштырмалуу) жана ошондой эле ички рынокто экологиялык жактан таза эмес күйүүчү май катары сатууга тыюу салынат ”, — деп баса белгиледи кеңешчи.

Бул тууралуу экономика министрлигинин кеңешчиси ЖМКга билдирди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты