Текебаев: Кыргызстанга элдик бийлик—парламенттик башкаруу керек экендиги талашсыз

  • 3 года мурун

Бүгүн, 22-декабрда, “Ата Мекен” партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин депутаты, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи Өмүрбек Текебаев 62 жашка чыкты.

Алдыдагы шайлоолорго карата Өмүрбек Текебаев кайрылуу жасады.

Кайрылууда мындай деп айтылат:

-2021-жылдын 10-январында мамлекеттин башкаруу формасын тандоо боюнча референдум болгону турат. Референдум Конституция жана мыйзамда көрсөтүлгөн тартиптерди одоно бузуу менен өтүп жаткандыгын белгилегим келет. Бул референдумга “парламенттик республиканы же президенттик республиканы тандайсызбы?” деген суроо сунушталган.

Борбордук Азия регионундагы тарыхый-саясий кырдаалды, бул региондогу өлкөлөрдүн элдеринин менталитетин, саясий маданиятын эске алганда Кыргызстанга элдик бийлик – парламенттик башкаруу керек экендиги талашсыз.

Кыргызстан акыркы 30 жылында иш жүзүндө президенттик башкаруу формасында жашап келди. Жеке адамдын бийлиги өзүм билемдикке, зордук-зомбулукка алып келип, экономиканын өнүгүшүнө залакасын тийгизди. Кыргызстандагы 3 жолку революция, элдик көтөрүлүш жеке бийликке, өзүм билемдикке каршы болуп өттү.

Кыргызстан чыныгы элдик бийликти – парламенттик башкаруу формасын көрө элек. Парламенттик башкаруу формасы элдик көзөмөлдү камсыз кылган, коомдук пикирге жана элдик өкүлчүлүккө реалдуу күч берген саясий аттандаштыкка негизделген саясий система. Урматтуу мекендештер! Тарыхты унутпайлы. Андан туура тыянак чыгаралы, -деди Текебаев.

Сүрөт: Фейсбук баракчасынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты