​Кыргызстан Жетим-Тоо кенин өз алдынча иштетүүгө ниеттенүүдө

  • 3 года мурун

Президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Нургазы Анаркулов Жетим-Тоо кенин кытай компаниясына берүү жөнүндөгү билдирүүгө жооп кайтарды.

Анын айтымында, акыркы учурда айрым саясий ишмерлер Жетим-Тоо кенинин кытай компаниясына берилиши боюнча такталбаган маалыматтарды таратышууда.

«Мындай билдирүүлөр жалган жана бир гана максатты көздөйт – шайлоо алдында өлкөдөгү абалды олку-солку кылуу. Жетим-Тоо кени мамлекеттин менчиги, эч кандай чет өлкөлүк компания аны чалгындоо же иштетүү укугун алган эмес» деди Анаркулов.

Анын айтымында, Жетим-Тоо темирдин жана түстүү металлдын запасы боюнча ири кен болуп эсептелет жана мамлекет аны өз алдынча иштетүүнү пландоодо.

Президенттин басма сөз кызматы белгилегендей, алдын ала эсептөөлөр боюнча Дангы тилкесин иштетүүдөн эле түшө турган жылдык киреше 200 млн доллардан ашат.

2020-жылы ноябрда ал кезде президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаров маалымат жыйыны учурунда Жетим-Тоо кени карыздан кутулуу үчүн Кытайга берилери тууралуу кептерди четке каккан. Анда ал бул кендин чийки сырьесу менен Кытайдын карызынан кутулуу мүмкүн экенин айткан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты