Көлбаев менен байланыш

OCCRP, Kloop, Bellingcat жана “Азаттык” радиосунун биргелешкен иликтөөсү.

Ысык-Көлдүн жээгиндеги менчик эс алуу жайы — кыргыз бажысынын мурдагы аткаминери Райымбек Матраимов менен кылмыш дүйнөсүнүн анабашы Камчыбек Көлбаевдин байланышынын дагы бир далили.

Райымбек Матраимов — кыргыз бажысынын мурдагы кызматкери, көмүскөдөгү таасирдүү адам. Бирок анын жубайы Уулкан Тургунованын социалдык медиадагы жомоктогудай жашоосу бул үй-бүлөнү иликтеген журналисттерге олжолуу табылга болду.

Анын Интернеттеги көптөгөн посттору аркылуу кабарчылар Тургунова саякаттаган дүйнөнүн булуң-бурчундагы таанымал кымбат баалуу эс алуу жайлары менен мейманканаларды аныкташты. Бажыдагы аткаминердин аялы дүйнө кезип саякаттап жүргөндө күйөөсүнүн расмий айлык маянасы 1000 доллардын тегерегинде эле.

Буга чейин бир нече жыл бою бажычынын жубайы алыстагы экзотикалык жерлерди кыдырса, быйыл алыска кетпей, үйүнө жакын жерде эс алууну чечкен көрүнөт.

Августта Тургунова кынаптап салынган, жолдун боюндагы терезесинен көчө, бакча жана көгүлтүр көл тарап көрүнүп турган жерде түшкөн сүрөттөрүн койгон.

Журналисттер геолокациянын жардамы менен ал жер Ысык-Көлдүн жээгиндеги «Каганат» эс алуу жайы экенин аныкташкан.

«Каганат» — өзгөчө жер. Аны «Google» картадан таба албайсыз. Эс алуучу жайдын Интернетте баракчасы тургай куш тилиндей жарнамасы да жок. Анын аймагы дубал менен курчалган. «Каганаттын» менежери ал жердеги 20дай коттедж ижарага берилбей турганын айтат. Сатып алууну каалагандар болсо эс алуу жайынын ээлеринин макулдугун алышы керек. Ушул тапта ал жерде сатыкка сунушталган коттедж жок.

Тургунованын «Каганатта» эс алып жүрүп түшкөн сүрөттөрүнөн кабарчылар ал кайсы коттеджде токтогонун аныктай алышты. Расмий жер каттоонун документтери көргөзгөндөй, бул жай «Имиджстрой» курулуш компаниясына таандык. Бирок ал жердеги имараттарды курган бул компания бир нече коттеджге жашыруун соода келишиминин же атайын контракттын негизинде ээлик кылып калгандай.

«Имиджстройдун» ээси, мурдагы депутат Сергей Ибрагимов комментарий берүүдөн баш тартты. Бирок Матраимовдордун «Каганатка» барып турганы маанилүү, анткени эс алуучу жайдын талаштуу колдоочусу бар. Ал жерди эл арасында «Камчы» деген ат менен таанымал, Кыргызстандагы кылмыш дүйнөсүнүн анабашыларынын бири Камчыбек Көлбаев өзү иштеткени айтылат.

Жергиликтүү бир нече тургун бул курулуштун артында мафиянын башчысы турарын бышыктады.

Өзүн кардар катары тааныштырган кабарчыга «Имиджстройдун» жогорку кызматтагы өкүлү да Көлбаевди ал жердин «ээси» деп айткан.

Матраимовдун же Көлбаевдин бул эс алуу жайына же бири-бири менен байланышын көрсөткөн документтер жок экендигине карабай, мурдагы бажычынын үй бүлөсүнүн «Каганатка» келип токтогонунун тегерегиндеги фактылар ошондой ойго жем таштайт.

Алар комментарий сураган өтүнүчтөргө жооп берген жок. Анткен менен бул факт — эки таасирдүү адамдын байланышынын колго тийген соңку далили.

«Азаттык» радиосу, OCCRP, «Kloop» жана «Bellingcat» уюмдары Матраимовдун иштерин эки жылга чукул иликтешти. Анын жүрүшүндө бири-бири менен байланышы жок үч булак Матраимов менен Көлбаевдин мамилеси тууралуу айтып беришти. Алардын бири — акча адалдоочу, кийинчерээк Стамбулда киши колдуу болгон күбө Көлбаевди Матраимовдун «өнөктөшү жана коргоочусу» деп сыпаттаган.

Ал кезде бул маалымат иликтөөгө тиешеси барлардын коопсуздугу үчүн жарыяланган эмес. Бирок Кыргызстанда октябрдагы бурмаланган шайлоодон жана өлкөдөгү коррупцияны айыптаган элдик көтөрүлүштөн кийин Көлбаев түрмөгө камалды. Матраимов кармалып, сот үй камагына чыгарып, ушул тапта тергөө жүрүп жатат. Өлкөдөгү эң таасирдүү криминалдык лидер менен саясий салмагы бар аткаминердин байланышын көрсөткөн далилдердин көбөйүшү менен эми окуяны толук ачып берүүгө убакыт келди.

Тургунова Ысык-Колдүн жээгинде эс алууда. (Булагы: Тургунованын «Instagram» баракчасы).

Бул байланыш уюшкан кылмыштуу топтордун өлкөнүн бийлигине болгон таасири тууралуу маанилүү маселелерди көтөрөт.

Матраимов жана Көлбаев комментарий берүү тууралуу жөнөткөн сурообузга жооп беришкен жок.

«Коля Кыргыз»

Бийик аска-зоолуу тоолор менен курчалган Ысык-Көлдүн табияты көргөндү суктантат. Көгүлтүр көл жээги — өлкөнүн туризм тармагынын бешиги. Көл жээгинде жайгашкан айылдарда жашагандар Бишкектен, башка аймактардан, ошондой эле коңшу Казакстандан, Орусиядан келген туристтерди тейлеген мейманканалардан, эс алуу жайларынан жана ресторандардан киреше таап жан багат.

Бирок көл жээгиндеги туристтик инфратүзүм уюшкан кылмыштуулуктан да жабыр тартары жалпыга белгилүү.

2018-жылдын 7-январында таң эрте Бостеридеги «Осьминог» ресторанын алеки заматта өрт каптап, күлү сапырылган. Анын ээси Аскат Асанкадыров телеинтервьюсунда эмне болгонун жашырбай оюндагысын ачык айтып берген. «Июлда биз иштеп жатканда белгисиз адамдар келип, менден акча талап кылышкан, — деген ишкер. — Алар Камчы Көлбаевдин уюшкан тобунун мүчөлөрү экенин айтышкан».

Асанкадыровдун сөзүнө караганда, алар «коргоп беребиз» деп 500 долларлык салык төлөп турууну талап кылышканда, ишкер арызданып милицияга кайрылган. Арыздан эч майнап чыккан эмес, көп өтпөй белгисиз номерден бирөө телефон чалып, милицияга арыз жазганы үчүн өкүнүп каларын гана эскерткен. Андан бир нече айдан кийин ресторан өрттөнүп кеткен.

Асанкадыров айыптап жаткан Көлбаев жергиликтүү ишкерлерден акча чогултуп келаткан, өлкөдөгү уюшкан кылмыштуу топтордун бирден бир таасирдүү анабашы экени эч кимге жашыруун эмес. 2007-жылы АКШнын Мамлекеттик департаменти аны өлкөдөгү «эң таасирдүү кылмыштуу топтун лидери» деп сыпаттаган.

Анын көпчүлүк иштери эл аралык баңгизат соодасына байланышкан. Көлбаевди ооган героинин Тажикстан жана Өзбекстан аркылуу ташыган «түндүк маршрут» деп аталган багытты жолго салган деп атап жүрүшөт. Евразиядагы коопсуздук маселелерин иликтеген эксперт Марк Галеотти OCCRP уюмуна айткандай, Көлбаев баңгизат аткезчилигин эл аралык алкакта көзөмөлдөгөн башкы оюнчулар менен байланыш түзүп, аймак аркылуу ага чейин башаламан алынып өткөн героиндин көлөмүн чоң өндүрүштүк деңгээлде ташууга жеткирген.

Көлбаевдин мындай ишмердиги кооптондургандыктан, АКШнын Финансы министрлиги ага каршы эки жолу санкция салган. 2011-жылы «чет элдик баңгизат соодасынын анабашы» жана 2012-жылы «эл аралык уюшкан кылмыштуу дүйнөнүн өкүлү» же мурдагы советтик республикалардан чыккан кылмышкерлердин көзүрлөрү кирген «Агайиндер чөйрөсү» тобуна мүчө деп айыптаган. Азыр да Мамлекеттик департаменттин Көлбаевдин кылмыш дүйнөсүнүн бетин ачкан кишиге сунушталган бир миллион долларлык сый акысы күчүндө.

Көлбаев 2000-жылы катаал жазага тартылган. Биз кезде өзү мүчө болгон кылмыштуу топтун башчысы Рысбек Акматбаевди жана анын жанындагы эки кишини өлтүрүүгө аракет кылган деп айыпталып, 25 жылга эркинен ажыратылган. Түрмөдө алты жыл отургандан кийин жалпы колонияга которулуп, ал жерден кандайдыр жолдор аркылуу кутулуп чыгып кеткен.

Ушуну менен эле анын темир тор артындагы жашоосу бүткөн эмес. Анын өтө таасирдүү саясий таянычы болгон. Түрмөдөн кутулуп кеткенден кийин бир жыл өтпөй ал кылмыш иши токтотулган. 2013-жылы Көлбаев башка иш боюнча киши уурдоо, курал-жарак, баңгизатка байланыштуу бир нече кылмыш үчүн айыпталган. Бирок аягында күчтөп акча талап кылган үчүн гана үч жылга кесилип, бир жарым жылдан кийин эркиндикке чыккан.

Ал ортодо Көлбаев 2006-жылы өлтүрүлгөн Акматбаевдин ордуна Москвада «мыйзамдагы ууру» деген макамга ээ болгону тууралуу бир топ маалымат тараган. Мурдагы СССРде ондогон жылдар бою жашап келаткан «мыйзамдагы ууру» деген макам бири-бирин кыйбастыгы тууралуу ант берип, эч убакта өкмөттүк мекемелер менен кызматташпоого касам ичкен кылмыштуу топту билдирет. Бүгүнкү күндө андай макамы барлар эл аралык деңгээлдеги мыйзамсыз иштерге аралашып келатат. «Мыйзамдагы ууру» деген атка ээ болгондор кылмыш дүйнөсүнөн табылган киреше менен гана жашап, башка мүчөлөрдү колдоого ант берет.

Көлбаевдин кичи мекени — советтик доордон бери эс алууга эл агылган Ысык-Көлдүн жээгиндеги Чолпон-Ата шаары. Анын бул шаардагы таасири эбегейсиз, шаардын эки соңку мэринин, анын ичинде азыркы тапта кызматта турганынын да Көлбаев менен байланышы бар экени белгилүү.

Жергиликтүү байланыштар

Мирлан Маратов 2010-2013-жылдары Чолпон-Атанын мэри болгон, өзгөчө жүрүм-туруму менен таанылган. 2015-жылы парламенттик шайлоо күнү мас абалында «шайлоо тилкесинде жардыруу болот» деп телефондон коркутканы үчүн камалган. Ал Чолпон-Атанын тоосундагы Көлбаевдин энесине тиешелүү спорттук жана ден соолукту чыңдоочу комплекстин директору болуп турган.

Талант Сарбагышев — Чолпон-Атанын учурдагы мэри, мурдагы милиция кызматкери, Матраимовдун өнөктөштөрүнүн пайдасына чечилген корпоративдик рейдге учкай катышып калган.

Жеке коопсуздуктан улам аты-жөнү айтылбаган, ишти ичинен билген үч башка адам Сарбагышевдин Көлбаев менен байланышы бар экенин ырастады. Ал Көлбаевге тиешеси бар деген «Табылга» партиясынын өкүлү катары мэрлик кызматка шайланган. Сарбагышев 4-октябрдагы парламенттик шайлоодо Матраимовдордун «Мекеним Кыргызстан» партиясынын тизмесинде болчу.

Ал Көлбаев менен байланышы тууралуу суроого жооп берип жатып, Чолпон-Ата чакан шаар экенин белгиледи. «Ар кимибиз ар башка жолду тандадык, — деди ал. — Кимибиз эмне болуп чыгарыбызды ким билди? Мен аны (Көлбаевди) жети жашымдан бери тааныйм. Аны жашырбайм». Чолпон-Атанын мэри анын ишмердигине Көлбаевдин таасири болбогонуна басым жасай кетти.

Чолпон-Атада Көлбаев менчик турак-жай комплексин курган. Журналисттер дал ошол жерден бизге таанымал жүздү табышты.

«Биз ар кимге эле сата бербейбиз»

Жандоочтон тартылган сүрөттө Чолпон-Атада көл жээгине курулган «Каганат» турак-жай комплекси коттедждеринин чоңдугу, дүпүйгөн жапжашыл бак-шагы жана жакшылап курчалып турганы менен өзгөчөлөнөт.

Каганат Чолпон-Атанын көл жээгинде жайгашкан. Булагы: «Google Maps»

Айланасында жайгашкан мейманканалар менен эс алуу жайларын «Google Maps» аркылуу издеп көрсө болот, бирок «Каганат» табылбайт. Аны барып жеринен көрүү да оңой эмес. Эс алуу жайы тегерете курчалып, катуу кайтарылат. 20дай вилладан тышкары «Flamingo Bay» эксклюзивдүү рестораны, бассейн, балдар ойноочу аянтча, менчик пляж, көл үстүндө курулган машыгуучу зал, футбол талаасы жана салынып жаткан апартамент имараты бар.

«Каганаттын» көл үстүндөгү фитнес жайы. Булагы: OCCRP

Кыймылсыз мүлк реестри боюнча бул жер үлүшү башында парламенттин мурдагы депутаты Сергей Ибраимовдун «Имиджстрой» курулуш фирмасына таандык болгон. Эс алуу жайын азыр да башкарып, андагы жалпы жайларга ээлик кылган компания көпчүлүк виллаларды түрдүү тараптарга сатып жиберген. Аты-жөнү расмий документтерде эч жерде көрсөтүлбөгөнү менен, «Каганаттын» чыныгы кожоюну Камчы Көлбаев экени ал жердегилерге маалым. Коопсуздугунан чочулап аттарын ачык айтпаган Чолпон-Ата шаарынын төрт тургуну ал жердин ээси Көлбаев экенин биздин кабарчылар жакында барганда ырастады.

«Имиджстройдун» жогорку кызматтагы өкүлү өзүн «Каганатта» мүлк сатып алууга кызыккан кардар катары тааныштырган кабарчыбыз менен телефондон сүйлөшкөндө, бул байланышты ачык эле билдирди.

Ал бул жер тандалма адамдар үчүн гана курулганын айтты. «Биз жабык, чакан шаарчабыз, мында жашагандар — клубдун мүчөлөрү, — деп түшүндүрдү ал. — Биз реклама кылбайбыз. Ар бир кардарга өзүнчө мамиле кылабыз жана ар кимге эле сата бербейбиз».

Кабарчынын дагы тактаган суроосуна ал «Каганатта» ким вилла сатып алгысы келсе, жогору жактан макулдук алышы керек экенин түшүндүрдү. «Бул шаарчанын кожоюну бар, жердин ээси. Мына ошол чечет», — деди ал.

«Демек, мен Камчыбек Асанбекович [Көлбаев] менен сүйлөшүшүм керекпи?» — деген кабарчынын суроосуна: «Ал эле эмес, — деди «Имиджстройдун» өкүлү. — Анын өнөктөштөрү бар, силер клубдун бардык мүчөлөрү менен макулдашууңар керек». Ал бирок ушул тапта сатыла турган бир да вилла жок экенин айтып, кечирим сурады.

Кабарчылардын колуна тийген жер ээлерин каттоо документтерине ылайык, төрт вилла расмий сатыла элек же кагаз жүзүндө дагы эле «Имиджстройдун» менчигинде турат. Ошолордун биринде, көл тарапты караган чоң үйдө ушул жайда Матраимовдун үй-бүлөсү эс алып кетти.

Райымбек Матраимовдун аялы Тургунова «Инстаграм» баракчасына 2-августта койгон сүрөттөр буга алгачкы далил болуп калды. Сүрөттөрдө ал кынаптап салынган, өзгөчө жарыктандырылган жолдо басып баратканын көрүүгө болот. Сүрөттөр журналисттердин Ысык-Көлдөгү эс алуучу жайлардын жандоочтон тартылган сүрөттөрү аркылуу бул жерди аныкташына жардам берди. Тургунова дагы бир сүрөткө вилланын ак таш же шагыл төшөлүп кооздолгон короосунан түшкөн. Ал аркылуу кабарчылар жандоочтогу сүрөттөрдөн «Каганаттагы» Матраимовдор турган вилланы табышты.

Быйыл «Каганатка» барып кеткен кабарчыбыз ал үйдүн жанынан өтүп баратып, Тургунованын уулу Бакайды футбол ойноп жаткан эркектердин арасынан көрүп, Матраимовдор ал жакта эс алуусун улантып жатканына ынанган. Ал жердеги башка үйлөрдөн айырмаланып, музыка жаңырган Матраимовдор турган вилланын короосу дарбаза менен корголуп, дүпүйгөн бак-шак менен курчалган экен.

Кийинки жолу барганда кабарчыбыз эс алуу жайын кайтарган сакчыларга Матраимовдордун дарегине кат калтырып кетүүнү суранганда, алар адегенде макул болушкан. Бирок кабарчыбыз «өз колдоруна тапшырышым керек эле» деп суранганда, сакчы ичкери кирип кетип, бирөө менен телефондон сүйлөшкөн соң «андай аттуу адамдар «Каганатта» жашабайт» деп чыга келген.

Эскертүүлөр жана жок кылуу

Матраимовдор Көлбаевдин тандалма адамдар үчүн курулган эс алуу жайындагы виллада турганы мурдагы бажычы менен криминалдык авторитеттин көмүскө байланышынын далилин арттырат.

2019-жылдын башынан тарта «Азаттык» радиосу, OCCRP жана «Kloop» Райымбек Матраимов бажыда кызматта турганда кантип көмүскөдөгү аткезчиликти калкалап турганынын бетин ачкан кеңири иликтөөлөрдү жарыялаган.

Иликтөө маалында Матраимовдун ишине Көлбаевдин катышы тууралуу бир катар айыптоолор айтылган. Алар маалымат берген булактардын жана кабарчылардын коопсуздугунан, далилдей турган документтерди алуунун татаалдыгынан улам буга чейин жарыяланган эмес.

Атап айтсак, өзүн акча адалдаштыруунун адиси катары тааныштырып, Матраимов аралашкан аткезчилик схеманын бетин ачууга көмөктөшкөн Айеркен Саймаити Көлбаевдин атын бир нече жолу атаган. Саймаити Көлбаевди Матраимовдун «өнөктөшү жана коргоочусу» деп сыпаттаган.

Схеманын бетин ачкан алгачкы документтерге таянган «Азаттыктын» иликтөөсү 2019-жылдын май айында чыккан. Саймаитинин сөзүнө караганда, андан кийин Көлбаевдин атынан коркутуу менен коштолгон телефон чалуу бир нече жолу болгон. Криминалдык дүйнөнүн анабашы ал кандайдыр бир документтерди журналисттерге берген-бербегенин тактап, мындан кийин андай байланышты токтотушун, айрыкча Матраимовго барып такалган акча которуу фактылары тууралуу кагаздарды эч кимге бербешин талап кылган.

«Алар абдан коркунучтуу, — деген эле Саймаити. — Бир барак кагаз менин тагдырымды чечип коёт».

Саймаитиге кандай коркутуу болгону тууралуу «Азаттык» радиосу өнөктөштөрү менен 2019-жылдын ноябрында иликтөөсүн жарыялаган. Коркутуп-үркүтүү Көлбаев тараптан болгону ал кезде айтылган эмес.

Андан көп узабай Саймаитинин Кыргызстандан Түркияга накталай акча ташып жүргөн курьеринин сөөгү машинесинин багажнигинен табылган. Нес болгон Саймаити коркуп калганын, бул иш «Камчынын балдарынын» же «Матраимовдун жигиттеринин» колунан келген болушу мүмкүн экенин айткан.

Саймаити өзү бир нече аптадан кийин табышмактуу жагдайда киши колдуу болгон.

Бир кезде Матраимовдун кол астында иштеп, кийин тил табыша албай калган Эмилбек Кимсанов да мурдагы кожоюну менен Көлбаевди «жакын достор» деп сыпаттаган. Кимсанов «Азаттыктын» журналистине чалып, Матраимов аны «тирүүбү же өлүүбү» таап келүүгө буйрук бергенин коомчулукка жарыяланган видеодо эскерткен.

«Камчы ал [Матраимов] эмне десе, ошону жасайт», — деген Кимсанов.

Райымбектин улуу агасы Искендер Матраимов Кимсановдун айткандарын кескин түрдө четке кагып, «шайлоо алдындагы жомок» катары сыпаттап, «Кимсанов мындай айыптоолору үчүн кудай алдында гана эмес, мыйзам боюнча да жооп берет» деп комментарий берген.

Жеке коопсуздугунан улам аты-жөнү жашыруун калган башка дагы бир киши Матраимов менен чатакташкандан кийин ага Көлбаев чалып коркутканын айтып берди.

Табышмактуу камак

22-октябрда, Кыргызстанда массалык нааразылык менен коштолгон бийлик алмашуудан үч аптадан кийин Бишкектеги спорт залдардын биринен куралчандар барып Көлбаевди кармашкан. Аскердик чопкутталган техниканын коштоосундагы куралдуу күчтөрдүн аны кармаган операциясын чагылдырган видеону Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет тараткан.

Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров анда элдик толкундоого түрткү болгон коррупцияга каршы чечкиндүү күрөшүп жатканына басым жасаган. АКШнын Кыргызстандагы элчилиги Көлбаевдин кармалышын кубаттап, «кыргыз өкмөтү коомдук коопсуздукту камсыз кылыш үчүн криминалдык авторитетти мыйзам алдында жоопко тартып, жазасын берет» деп ишенип турганын билдирген.

Ага карабай, Көлбаев бул жолу да жазадан кутулуп кетеби деген кооптонуу бар. Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Кеңешбек Дүйшөбаев президенттин милдетин аткаруучунун аракетин «шоу» деп баалаган. Матраимов да кармалып, кайра үй камагына бошотулган. Садыр Жапаров бул саясий чечим болгонун (мурдагы аткаминерлер уурдаган акчаны казынага төктүрүүнүн эң мыкты жолу деп түшүндүргөн) моюнга алган.

Көлбаев ушул тапта түрмөдө отурат. Жакында ачык тарап кеткен видеодо кылмыш дүйнөсүнүн анабашы колонияда майрамдык дасторкон жайып, башка ондогон эркектер менен ыр ырдап, тамак ичип отурганы тартылган.

Ошондой эле Көлбаев октябрдагы элдик толкундоодо көшөгө артында туруп, кырдаалга таасир эткенинин белгилери да байкалган.

Башаламандык маалында Көлбаев жанындагы адамдар менен Бишкекте кенен-кесири жүргөнү айтылган. «Фейсбукка» криминалдык авторитеттин машинеси президент Жээнбеков менен кийин анын милдетин аткарууга киришкен Садыр Жапаровго жолукканы бараткан деген видео тараган. (Жээнбеков кийинчерээк андай жолугушуу болгонун четке каккан).

Америкалык дипломаттар «уюшкан кылмыштуу топтордун саясатка жана шайлоого таасир этүү аракети» тууралуу эскертишкен. Бишкектин мэринин милдетин аткаруучу «охлократиянын толкунуна» же мафиянын бийлигине каршылык билдирип, кызматтан кеткенин айтты.

Садыр Жапаровду премьер-министр кылып бекиткен талаштуу жыйынга катышкан депутаттардын айрымдары аларды криминалдык топтор «Жапаровду колдоп добуш бер» деп коркутканын айтса, кээ бирлери «андай иштин артында Көлбаев турат» дешкен.

Жакында Ысык-Көл облусуна барганыбызда жергиликтүү тургун кырдаал өзгөрбөгөнүн кеп салды.

«Ысык-Көлдү «каралар» (кылмыштуу топтор) ээлеп алышты, — деди ал. — Камчы түрмөдө, бирок анын балдары баягыдай эле баарын башкарып жатышат».

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты