​Мирлан Бакиров: АКШ элчиси Кыргызстандын ички ишине кийлигишип жатат

  • 3 года мурун

Жогорку Кеңештин вицеспикери, 4-октябрдагы парламенттик шайлоодо «Мекеним Кыргызстан» партиясынын тизмесин баштап чыккан талапкер Мирлан Бакиров АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу мамлекеттин ички ишине кийлигишип жатат деп эсептейт.

Мындай пикирин 10-декабрда парламенттин отурумунда билдирди. Бакиров элчи өзүнүн ыйгарым укуктарынан аша чаап, Кыргызстандын жаранын, партияны сыйлабастыгын көрсөттү деп эсептейт.

«Партиянын атын атап, кайдан-жайдан пайда боло калды» деп жатат. «Мекеним Кыргызстан» партиясы 2015-жылы түзүлүп, Бишкек, Ош шаарларындагы жергиликтүү шайлоолордо ийгиликке жетишкен».

Депутат мындан тышкары АКШ элчисинин коррупциялык жол менен өлкөдөн чыгарылып кеткен 700 млн. доллар тууралуу айтканы боюнча, учурунда депутаттык комиссия иштегенин белгиледи:

«Депутаттык комиссия иштеди. Конституциялык орган болгон парламенттин депутаттык комиссиясына да шек келтирип жатат. Депутаттык комиссия азбы-көппү иликтеп чыкты, тиешеси жоктугун аныктаган. Эгерде кандайдыр бир суроосу болсо башка жол менен кайрылып, сот менен аныктап чыкса болот. Ал биздин ички маселебиз жана парламенттин ыйгарым укуктары».

5-декабрда АКШнын Бишкектеги элчиси Дональд Лу парламенттик шайлоодогу добуш сатып алуу сыяктуу көрүнүштөрдү сындаган. Октябрь окуяларынан кийин келген бийликтин Матраимовдун айланасындагы соңку чечимдерине токтолуп, иштин башталышы жакшы болгону менен жетишсиз чара көрүлүп жатканын айткан. Мындан соң Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Лунун билдирүүсүнө жооп кайтарып, анда «ички иштерге кийлигишүү менен тергөөгө басым кылуунун элементтери бар» деп сындаган.

9-декабрда АКШнын Финансы министрлиги Кыргызстандын Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго санкция киргизди.

Кошмо Штаттардын Финансы министрлигинин расмий сайтына жарыяланган маалыматта “Магнитский акты” деген аталыш менен белгилүү «кара тизмеде» Райымбек Матраимов жана Райым Исмаилов деген ысымга берилген эки башка паспорттук маалымат көрсөтүлгөн.

Раимбек Матраимов жана анын тарапкерлери санкцияга байланыштуу пикирин билдире элек.

«Магнитский актына» киргендердин АКШда жайгашкан же америкалык жарандардын көзөмөлүндө же ээлигиндеги бардык мүлк менен финансылык активдерине арест салынат, алар тууралуу маалымат Чет элдик активдерди көзөмөлдөө офисине берилет.

Буга кошумча камакка алынган мүлккө түз же кыйыр, 50% же андан ашык пайыз менен ээлик кылган башка юридикалык жактарга да арест салынат. Ал офистин мыйзамдык актылары америкалык жарандардын санкцияга киргендер менен кандайдыр бир мүлктүк же мүлккө байланышкан операцияларына катышуусуна тыюу салат.

Ошондой эле «кара тизмеге» илинген адамдын кызматын көрүүгө, же ага кызмат көрсөтүүгө, каражат же товар менен камсыз кылууга, ошондой эле салым, каражат же товар алууга тыюу салынат.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты