Сегизбаев: 2016-2017-жылдары салык жана бажы кызматтарындагы коррупциялык схема башында Икрамжан Илмиянов турган

  • 3 года мурун

Улуттук коопсуздук комитетинин экс башчысы Абдил Сегизбаев “Азаттыкка” берген маегинде 2016-2017-жылдары Салык жана Бажы кызматындагы коррупциялык схемалардын башында президенттин ошол кездеги кеңешчиси Икрамжан Илмиянов турганын билдирди.

Анын айтымында, Илмияновго коррупция беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Бирок ал иш өзгөрүп, Илмиянов жеңил жазанын негизинде жоопко тартылганын Сегизбаев кошумчалады:

«Атамбаевдин учурунда бажы жана салык кызматтарындагы коррупциянын башында Икрамжан Илмиянов турган. Ал саясий фигура катары ана башы болгон».

Жогорку сот 3-ноябрда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Икрамжан Илмиянов боюнча буга чейинки өкүмдөрдү күчүндө калтырган.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин экс-кеңешчиси Икрамжан Илмиянов өткөн жылдын 20- октябрында УКМКнын тергөө абагына камалган.

Икрамжан Илмиянов 2017-жылдын 8-августунда «Дизель комплект» компаниясынан 150 миң доллар алган деп шектелген. .2019-жылы 30-октябрда Бишкектин Октябрь райондук соту тарабынан жети жылга кесилген. Сот ошондой эле 1600 эсептик көрсөткүчтө (160 миң сомдун тегереги) айып салуу, үй-мүлкүн конфискациялоо тууралуу өкүм чыгарган.

«Мага коюлуп жаткан айыптын фактысы жок» деп билдирген Икрамжан Илмиянов соттогу акыркы сөзүндө.

Ушул жылдын 19-июнунда бул ишти Бишкек шаардык соту жаза мөөнөтүн бир жыл алты айга кыскартып, беш жыл алты ай деп белгилеген. Жогорку сот ошол өкүмдү күчүндө калтырды.

Илмиянов Молдовановка айылындагы №26 жатак абакка чыгарылган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты