Президенттикке талапкерлердин шайлоо фондундагы каражаты (Гистограмма)

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына төмөнкү 20 талапкерден кол коюу барактары кабыл алынды. Ошондой эле талапкерлер 1 млн сом күрөө каражатын төктү.

1. Бабуржан Тольбаев – 58029 колтамга, шайлоо күрөөсү

2. Садыр Жапаров – 59998 колтамга, шайлоо күрөөсү

3. Аймен Касенов – 46270 колтамга, шайлоо күрөөсү

4. Арстанбек Абдылдаев – 47998 колтамга, шайлоо күрөөсү

5. Равшан Жээнбеков – 39874 колтамга, шайлоо күрөөсү

6. Курсан. Асанов – 43864 колтамга, шайлоо күрөөсү

7. Эльдар Абакиров – 43630 колтамга, шайлоо күрөөсү

8. Адахан Мадумаров — 39 856 колтамга, шайлоо күрөөсү

9. Абдил Сегизбаев- 55 480 колтамга, шайлоо күрөөсү

10. Кубан Чороев – 39 053 колтамга, шайлоо күрөөсү

11. Жеңишбек Байгуттиев – 51 896 колтамга, шайлоо күрөөсү

12. Мыктыбек Арстанбек – 33 083 колтамга, шайлоо күрөөсү

13. Клара Сооронкулова – 33 458 колтамга, шайлоо күрөөсү

14. Рашид Тагаев – 40 651 колтамга, шайлоо күрөөсү

15. Бакыт Калмаматов – 35 300 колтамга, шайлоо күрөөсү

16. Каныбек Иманалиев – 35 658 колтамга, шайлоо күрөөсү

17. Имамадин Ташов – 39 493 колтамга, шайлоо күрөөсү

18. Кубанычбек Токтосунов – 30 106 колтамга, шайлоо күрөөсү

19. Улукбек Кочкоров – 43 804 колтамга, шайлоо күрөөсү

20. Канатбек Исаев –38 987 колтамга, шайлоо күрөөсү

КР БШКнын кол коюу барактарын кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу тобу кол коюу барактарын кабыл алуунун жүрүшүндө КР Президентинин кызмат ордуна талапкер Самат. Ибраевде 15 033 колтамга бар экендигин, ошондой эле шайлоо күрөөсү төгүлгөндүгү жөнүндө маалымкат жок экендигин аныктады. Ушуга байланыштуу кол коюу барактары бул талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө кайтарып берди.

Өлкө Конституциясынын 62-беренесинин 2-пунктунун, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамынын 52-беренесинин талаптарына ылайык талапкер шайлоочулардын кеминде 30 миң колтамгасы менен колдоого алынууга тийиш. Мында берилген колтамга саны шайлоочулардын 60 миң колунан ашууга тийиш эмес.

БШКнын кол коюу барактарын кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу тобу берилген колтамгалардын аныктыгын текшерүүнү 8 календарлык күндө жүзөгө ашырат.

Борбордук шайлоо комиссиясы каттоо кызматтарынын кызматкерлерин жана сот-экспертиза иш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын эксперттерин тартуу менен коюлган колтамганын аныктыгын текшерет.

2017-жылы алты жылдык мөөнөткө президенттикке шайланган Сооронбай Жээнбеков бийликти быйыл парламенттик шайлоодон соң башталган башаламандыктан кийин өткөрүп берген. Өлкөдө мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген.

Талапкерлердин шайлоо фондуна түшкөн жана чыгымдалган каражаттары

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамдын 41-беренесинин 12-пунктуна ылайык банк же башка мекемелер талапкердин атайын эсебинде турган каражаттардын түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө Борбордук шайлоо комиссиясы маалымат берди.

БШКнын контролдук-текшерүү тобу 2020-жылдын 4-декабрга банк маалыматтарынын негизинде 20 талапкердин шайлоо фондуна каражаттардын түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө маалымдады.

Андагы маалыматта көрсөтүлгөндөй, эң чоң каражат:

Садыр Жапаров — 15 000 000 сом;

Бабыржан Тольбаев — 5 2020 872 сом;

Жеңишбек Байгуттиев — 2 534 100 сом;

Аймен Касенов — 2 010 305 сом;

Имамидин Ташов -1 800 000;

Рашид Тагаев — 1 722 500 сом.

Абдил Сегизбаев -1 509 910 сом.

Калган талапкерлердин шайлоо фондундагы каражаты — 1007 450 сомдон — 1 250 000 сомго чейин.

«ПолитКлиника» медиасы Президенттикке 20 талапкердин шайлоо фондуна түшкөн каражаттары тууралуу кененирээк маалыматты гистограммада көрсөтөт.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты