Садыр Жапаровдун өзгөргөн ойлорунун тизмеги

Президенттикке талапкер Садыр Жапаров убактылуу өкмөттү башкарып турган учурунда бир нече ирет оюнан кайткан учурлары болгон. Көпчүлүк арасында “Садыр айта берет, кайра эле кайта берет” деген пикир калыптанды. ПолитКлиника медиасы Садыр Жапаровдун айткандарын тизмектеп көрдү.

Шайлоо жөнүндө ою үч жолу өзгөргөн

10-октябрда Жогорку Кеңештин кезекиз жыйынында депутаттар Садыр Жапаровдун программасын жана командасын бекиткенден кийин, премьер-министр катары журналисттерге маалымат жыйын уюштурган. Журналисттерге жооп берип жатып Садыр Жапаров партиялык система бизнес система экенин, жаш баладан карыяга чейин билип калганын белгилеген. “Партиялык система — бул бизнес система. Алдыңкы сапка акчанын күчү менен олигархтар коюлуп, алар коррупциялык иштерге аралашышат. Мындай система өлкөгө зыян гана алып келет. Ошондуктан, мен бир мандаттуу системаны сунуштайм”,- деп айткан .

16-октябрь күнү Ала-Арча мамлекеттик резиденциясында ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбековдун отставкасын Жогорку Кеңештин депутаттары кабыл алышкан. Ошол күнү президенттин милдетин аткаруучу кызматына келген Садыр Жапаров өз сөзүндө оюнан кайтканын билдирген: “Бир мандаттуу дегенди азырынча мен дагы туура эмес көрдүм. Парламенттик шайлоо мыйзам боюнча парламенттик система менен өтүшү керек экен. Биз аны өткөрбөй Конституциялык реформага барабыз десек, мыйзам талаасынан бираз четтеп кетчүдөй экенбиз”,- деп шайлоону өткөрүү боюнча өзүнүн сунуштарын эл өкүлдөрүнө айткан. Ошондой эле депутаттардын санын 70ке же 80ге түшүрсө жакшы болорун сунуштаган.

Ал эми 24-ноябрда Жапаровдун 7-каналга берген интервьюсунда 35 депутат бир мандаттуу жол менен, 55 депутат партиялык система менен шайлануусун Конституциянын жаңы долбооруна киргизип жатышканын белгилеген.

“Раим камалат”, “Аны камап койгондо мамлекетке бир тыйын акча алып келе албайт элек”

5-октябрда болуп өткөн башаламандыктан кийин боштондукка чыккан Садыр Жапаровдун тарапташтары бир нече күн мамлекеттик объектилердин алдында митингге чогулушкан. 8-октябрь күнү өкмөт үйүнүн алдында топтолуп турган элге чыккан Садыр Жапаров Раим Матраимовдун камалаларын кесе айткан. “Журналисттер, “Раим миллион менен сүйлөшүп алыптыр, Жээнбековдор менен сүйлөшүп алыптыр”,- деп жалган маалымат таратпагыла. Кудайды карап туруп айтам, эч ким менен сүйлөшкөнүм жок. Раим миллион камалат”,- деген.

14-октябрда болуп өткөн маалымат жыйынында Садыр Жапаров Раимбек Матраимовдун азыр каякта экендигин билбестигин кабарлаган. “Матраимов жөнүндө маалыматым жок. Такталбаган маалыматтар боюнча өлкөдөн чыгып кетти деп жатышат”,- деген.

Раимбек Матраимовго кылмыш иши козголобу деген суроого “Сөзсүз кылмыш иши козголот, күнөөсү болсо камалат. Мамлекеттин кармап келем деген ниети болсо, Африкадан да кармап келет. Ага эрк керек. Ошол эрк менде бар”,- деп жооп берген.

УКМКнын төрагалыгына дайындалган Камчыбек Ташиев 16-октябрда өткөн маалымат жыйынында, Раимбек Матраимов менен эч кандай байланышы жоктугун, жана анын коррупциялык иштери иликтөөгө алынарын айткан. “Аны менен эч кандай бизнес, саясий же партиялык байланышым болгон эмес жана болбойт дагы. Аны урматтуу журналисттер, көптөгөн коррупциялык иштерге байлап жүрөсүздөр, биз аны иликтейбиз. Эртең буйрук берем, Матраимовду таап, эгер кылган кылмышы болсо толук бойдон жоопко тартабыз. Эч кандай Матраимовдор, эч кандай Райымдар биздин коомду башкарбайт. Мындан ары коомубузда акыйкат болот”,- деген.

Бажы кызматынын мурунку орун басары Раимбек Матраимов УКМК кызматкерлери тарабынан 20-октябрда кармалган. Бирок, Бишкек шаардык Биринчи май райондук соту Раимбек Матраимовду башка жакка чыкпоо шарты менен камактан бошоткон.

Кийин, 12-ноябрда Садыр Жапаровдун президенттин милдетин аткаруучу катары берген отчеттук маалымат жыйынында Матраимовду камоо тууралуу ою жок экенин айткан: “Аны камап койгондо мамлекетке бир тыйын акча алып келе албайт элек. Мен саясий чечим кабыл алдым. Ал өзү дагы мамлекеттен алган мүлктөрүмдү, акчаларды берерин айтты”,- деп буга чейин камалган бир да саясатчы бир тыйын акча куспаганын белгилеген.

Финансы министрлигинин басма сөз кызматы кабарлаганы боюнча Райымбек Матраимов 1-декабрга карата мамлекетке жалпысынан 646,6 миллион сом төктү.

Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Кеңешбек Дүйшөбаев Раимбек Матраимовдун камалышына “Театралдаштырылган шоу”,- деп баа берген.

Кумтөрдө алтын бар

2012-жылы Кумтөр кенин улутташтыруу маселесин көтөрүлө баштаган. Кумтөр боюнча комиссия түзүлүп, анын жетектөөгө Садыр Жапаров дайындалган. Кумтөр мамлекеттин карамагына өтсүн деген токтому Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан колдоо тапкан эмес.

2013-жылы Кумтөрдү улутташтыруу чакырыгы менен чыгып, Ысык-Көлдө нааразылык акциялары өткөн. Бишкектеги митингден кийин Садыр Жапаров «бийликти басып алууга аракет кылган» деп айыпталып, камакка алынат.

Сот залында сүйлөп жатып Садыр Жапаров Кыргызстан Кумтөрдөн акыркы 20 жыл ичинде бир тыйын да алган эместигин белгилеген. “Тилекке каршы Жогорку Кеңештен Кумтөр мамлекетке өткөрүлсүн деген токтом өткөн жок”, — деп айткан.

10-октябрда Жогорку Кеңештин депутаты Талант Мамытов: “Кумтөр маселеси боюнча аяны чыгасызбы?”,- деп суроо берген. Садыр Жапаров өз жообунда “Мындан эки жыл мурун, мен түрмөдө жатканда, журналисттер адвокатым аркылуу Кумтөр боюнча сурашкан эле. Мен “8 жыл мурда алсак болмок. Азыр кеч болуп калды. Ал жакта алтындын запасы калбай деле калды. Аны казыштын кажети жок деп жооп бергем” — деди. Жапаровдун пикиринде “Centerra Gold” аягына чейин иштетип, бузулган тоолорду калыбына келтирип кеткени туура. Мамлекетке алуу тууралуу ою жок экенин айтып, бирок сүйлөшүүлөрдү жүргүзөрүн белгилеген.

Factchek.kg сайты Садыр Жапаровдун бул айтканын текшерип көрүшкөн. Жыйынтыгында 2019-жылдын башында Кумтөрдөгү алтындын запасы 104,3 тоннадан ашык экенин белгилүү болгон.

Текебаев тажрыйбалуу саясатчыбы же бузукубу?

Саясатчы Өмүрбек Текебаев 16-октябрда Ала-Арча мамлекеттик резиденциясында Садыр Жапаровду куттуктоо сөзүндө анын колуна эбегейсиз бийлик чогулганын айткан. Кийин Өмүрбек Текебаев Садыр Жапаров колдогон Конституциянын жаңы долбоорун кескин сынга алып келет. Анын айтымында бул долбоор эски системаны реставрациялап кайра алып келет жана Акаев, Бакиевдикинен өтөт. “Чексиз, көзөмөлсүз,өзүм билемдик система” деп баа берген.

Интернет булактарында тараган видеодо Садыр Жапаровдун Өмүрбек Текебаев жөнүндө айтканы бар. “Текебаев 15 жыл бою иштеп келген спикерлерден эң күчтүүсү, эң татыктуусу. 15 жылдан бери депутат болуп келген тажрыйбалуу депутат. Тажрыйбасы боюнча Текебаевге жете тургандар аз”,- деп белгилеген.

Ал эми 7-каналга берген маалыматында Өмүрбек Текебаевдин “Мегаком” компаниясын сатууга тиешеси бар экенин айткан. “Мен бүгүнкү күнгө чейин сыйлап келдим. Бузукулуктун чеги болуш керек. Алардын калп сөзүнө эл ишенбеш керек. 2010-жылы жазган Конституцияны да өз кызыкчылыгына жазган”,- деп айткан. Ошондой эле, “Мегаком” компаниясын сатуу боюнча Леонид Маевскийден 1млн доллар алганын бардык саясий элита билерин кошумчалаган.

Төрт күндүк кызмат

Садыр Жапаровдун кадрларды дайындоосу да сынга алынып келет. Айталы, Акылбек Жапаровду төрт күндө эле кеңешчи кызматынан бошоткон.

22-октябрда “Бир Бол” саясий партиясынын депутаты Акылбек Жапаров Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү мыйзам долбоорун депутаттарга сунуштап жатып, премьер-министрдин экономикалык жана финансылык маселелер боюнча кеңешчиси болгонун айткан.

27-октябрда Садыр Жапаров “Ала-Тоо 24” каналына берген маегинде Акылбек Жапаровду үч күндөн бери таппай жаткандыгын айтып: “Ал мындан ары кеңешчим эмес”,- деген. Акылбек Жапаров бул жөнүндө, президенттин милдетин аткаруучу катары кабыл алган бардык чечимдери элдин кызыкчылыгы үчүн болгондугун айткан. Ал эми үч күнгө жок болгондугунун себебин ооруп кцалгандыгы менен түшүндүргөн.

Эскерте кетсек, Конституциялык реформаны Садыр Жапаров колдоп жаткан. Бирок, кийинчерээк: “Мамлекеттик башкарууну элдин тандоосуна коюп, Конституциялык реформаны андан кийин кылалы”,- деген сунушун айтканын билдирген.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты