Жогорку Кеңеш референдум өткөрүү боюнча мыйзам долбооруна кворум чогулта алган жок

  • 3 года мурун

Бүгүн, 3-декабрда, Жогорку Кеңеште Кыргызстандагы башкаруу формасын тандоо боюнча референдумду өткөрүү тууралуу мыйзам долбоору чукул түрдө парламенттин жалпы жыйынынын күн тартибине биринчи окууда талкууланды. Бирок кворум болбой, добуш берүүгө коюлбай калды.

Мыйзам долбоору тууралуу парламенттин жалпы жыйынында Акылбек Жапаров маалымат берди. Мыйзам долбоорун Курманкул Зулушев депутат кезинде демилгелеген.

Мамлекеттик түзүлүштү аныктоо боюнча референдум президенттик шайлоо менен бирге, 2021-жылдын 1-январында дайындоо сунушталды.

Депутат Дастан Бекешев мурдагы депутат Курманкул Зулушевдин аталган мыйзам долбоорунда референдум өткөрүү датасы 2020- жылдын 4-октябры деп белгиленгендигин айтты.

Депутат Наталья Никитенко элдик добушка коер алдында башкаруу президенттик формасы жана парламенттик формасы кандай болорун түшүндүрүп берүү керектигин билдирди.

Депутат Сайдулла Нышанов шайлоо бюллетендеринин өзүндө башкаруунун президенттик жана парламенттик формаларынын түшүндүрмөлөрүн жазуу сунушун киргизди. . .

Мыйзам долбооруна добуш берүүдө кворум болбой калды. Добуш берүүгө кеминде 61 депутат катышышы керек. Залдагы депутаттарлын саны 35тей эле болгонун журналисттер белгиледи.

Депутат Өмүрбек Текебаев конституциялык референдум өткөрүүгө байланышкан мыйзам долбоору жалпы жыйынга комитетте каралбастан регламент бузуу менен сунушталганын билдирген.

Мыйзам долбоорун парламент кабыл алса, 2021-жылдын 10-январында президенттик шайлоо менен кошо конституциялык референдум да өткөрүү сунушталууда.

Баш мыйзамдын жаңы долбоору парламенттин расмий сайтына 17-ноябрь кечинде жарыяланды. Анда Конституциянын долбоорун референдумга алып чыгууга 80 депутат демилгечи болгону көрсөтүлгөн.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты