​COVID-19: 420 учуру катталды

Жаңылыктар

3-декабрдагы маалымат боюнча өткөн суткада коронавирустун 420 учуру катталды.

Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:

Бишкек - 179;
Ош - 8;
Чүй облусу – 112;
Ош облусу - 26;
Талас облусу - 13;
Нарын облусу - 4;
Ысык-Көл облусу – 35;
Жалал-Абад облусу – 15;
Баткен облусу - 28.

Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 73933 кишиге жетти.

Коронавирустан 400 киши айыкты. Айыгып чыккандардын жалпы саны 65589 кишиге жетти.

4 бейтап каза тапты. Каза тапкандардын жалпы саны 1281 кишиге жетти (Расмий такталып чыккандан кийин).

Бул тууралуу республикалык штаб билдирди