​Чуйковдун насаатын уккан, Айтиевден сабак алган сүрөтчү Орозбек Молдобаев дүйнөдөн өттү

Живопись жана портреттик жанрларда эмгектенип келген Орозбек Молдобаев 68 жаш курагында дүйнөдөн өттү. Анын сөөгү 29-ноябрда Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Күн-Туу айылында жерге берилди.

Молдобаев 1953-жылы Күн-Туу айылында жарык дүйнөгө келген. 1972-жылы Фрунзедеги Семён Чуйков атындагы көркөм сүрөт окуу жайын ийгиликтүү бүтүрүп, 1992-жылы Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтун аяктаган.

“ПолитКлиника” медиасынын архивинде калган чыгаан сүрөтчү Орозбек Молдобаевдин маегин жана анын айрым портреттик эмгектерин сунуш кылабыз.

Сүрөтчү Орозбек Молдобаев: “Портретин тарткан адамдын кулк-мүнөзүн, колдоочусун табууга аракет кылам”

КР сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү Орозбек Молдобаев живопись жана портреттик жанрларда эмгектенип келет. Чынында анын портреттик эмгектери кол менен тартылгандай эмес, адамдын өзү жаныңда тургандай сезилет.

-Орозбек агай, мына жумушчу мастерскоюңуздан бир катар портреттик эмгектериңиз менен таанышып чыктык. Портреттик жанр жана анын өзгөчөлүктөрү тууралуу айта кетсеңиз?

—Кыргыз сүрөт өнөр искусствосунда 70-жылдары портреттик эмгек менен улуу муундан Алтымыш Усубалиев иштечү. Ал кишинин көзү өтүп кеткенден кийин портрет жагы бир аз солгундай түшкөн. Портрет искусствосунун жогорку деңгээлин өздөштүргөн сүрөтчүлөрүбүз жок эмес. Алсак Жусуп Матай, Сапарбай Осмоналиев, Сүйүтбек Төрөбеков, Бектен деген кесиптештерим бар. Ошолордун катарында, мен да турмуштун ыргагына байланыштуубу, акыркы 15 жылда жалаң ушул жанрда иштеп келатам.

Бир багытты аркалап жүрсөң, сырларын, академиялуулуктун, туу чокунун эшигин ачат экен. Портрет тартуу абдан татаал жанр, чыдамдуулукту талап кылат, ар бир образды ачып берүүдө майда деталь, миллиметр, чекитине чейин так болуш керек. Антпесе окшошпой, адамдын жан дүйнөсүнө жол ачылбай калат. Портреттеги бардык элементтер ордуна коюлганда гана дал келет. Ар бир адамдын жан дүйнөсү, кудай колдогон күч бар, ошого жараша адамдын образы жаралат. Ошону туура кабыл алып, бергенге аракет жасайм. Бул жанрда иштеген мезгилден бери ар кайсы деңгээлдеги, ар кыл адамдардын сүрөтүн тартамын.

—Ошолордун ичинде, Илимдер академиясында иштеген инсандардын сериясын тартыпсыз. Бул жакка кандайча келип калдыңыз?

—2002-жылы Илимдер академиясына көргөзмө ачып калдык. Ошондо бул жактан өзгөчө энергетиканы сездим. Качандыр бир кезде бул жерде бейит болгон экен, демек мында арбактардын кудурет-күчү бар. Кире бериште да орустун чиркөөсү болгон экен. Анан да Илимдер академиясы акыл, билимдин булагы, улуу инсандар иштеп кетишкен жана иштешет.

Мына ушул себептер бул жакта иштеп калышыма түрткү берди. Бирок адамдардын даражасына, коомдогу абалына карап эмес, кандайдыр тартылуу сезими пайда болгондо гана тартам. Залкар окумуштуу, инсандардын портреттерин тарттым. Ошого жараша ушул жерден өнөрүмдүн жемишин тата баштадым. КР президентинин Ардак грамотасын, Улуттук илимдер академиясына эмгек сиңирген кызматкер деген наам беришти. Жумушчу өнөркана бөлүп беришти.

Чыгармачылыкта чек болбойт эмеспи, кээде түнү менен калып иштей берем. Ааламдык, космостук, кайыптар таасир-күч берсе, иштей беребиз. Илимдер академиясынын 50, 60 жылдыгын белгиледик. Негизинен Айга учкан биринчи аппарат биздин Илимдер академиясынан жасалган экен.

—Кандай кишилердин портрети жеңил жазылат? Бирөөлөрдүн портретин тарта албай убараланган учуруңуз болду беле?

— Турмуш-тирликтен улам кээде заказ менен портрет тарткан күндөрүм болот. Жеке адамдардан, алардын жакындарынан заказ алган учурда кээде кыйналып, образын оңою менен чече албай койгон учурларым кездешет.

Кээде терс энергия коштогон, кыялы чатак, үй-бүлөсү үчүн деле өзүн жаман жагынан көрсөткөн кишилер болот эмеспи, көзү өтөбү же тирүүбү, андай кишилерли тартканда кыйналып кетем. Экинчи жагынан ышкым келгенде ошол ишти бүткүчө шашып, убакыт менен эсептешпей иштейм.

Ошол учурларда көзгө көрүнбөгөн күчтөр, кудайдын кудурети колдоп турат, “мен сүрөтчүмүн, өзүм эле ошону жаратып койдум” деп айта албайм, кандайдыр бир күчтөр түрткү берет. Негизинен энергетиканын ыргагына жараша эмгектенем, күч-кубат солгундаса, демек эс алыш керек. Анан импульс алам, ошол себептен мен тарткан портреттер жандуу. Портретин тарткан адамдын кулк-мүнөзүн, колдоочусун табууга аракет кылам. Биз кыргыздар, колдоочусу бар, аруу элбиз да.

—Заказга тарткан учурларда деле жакшы болсо, эмгектин колдон чыгып кеткенине өкүнүп калган учуруңуз болобу?

—Жашыраак кезде эмгектер колдон чыгып кеткен учурлар болду. Бир агым жүрүп, чет жерлерге сүрөттөр көп кетип калды. Сүрөттөрүң сыртка чыгып кетсе, таба албай калат экенсиң, учурунда аны түшүнбөптүрбүз. Ошентип отуруп айрым сүрөтчүлөр оорулуу болуп, сүрөт тарта албай калды, кээси каза болуп калышты. Эмгектериң балаң сыяктуу да, кээде көргүң келип, сагынасың. Азыр деле заказ түрүндөгү сүрөттөрдү деле музейлик деңгээлде тартканга аракет кылам, сүрөттүн дарегин жазып калам, керек болгондо алып турганга.

—Портретти сүрөттөн көрүп тартасызбы же адамдын өзүн отургузуп алыппы?

—Адамдын образын тапмайынча, өзүн отургузуп алам, эскизин жасап, ой, образ табылгандан кийин сүрөтүнөн тартса болот. Ал эми кээ бирөөлөрдү себептерге байланыштуу түз эле сүрөтүнөн тартам.

—Кайсы сүрөтчүлөрдөн сабак алдыңыз эле?

—Биздеги Чуйков көркөм сүрөт окуу жайы абдан күчтүү мектеп эле. Кыргызга ой берип, жетелеп койсо, бат эле алгылыктуу иштерди жасап кетебиз. Мисалы 1-курстан эчтекени билбей келсе, 3-курстан калыптанып калганбыз. 1968- жылы кирип, 1972-жылы бүтүп чыктым, ошондон бери дипломдуу сүрөтчүмүн.

Семен Чуйковдун акылын уктум, кыргызча сүйлөп, ырдачу эле, Гапар Айтиев, Алтымыш Усубалиев агалардан окудум. Мени тай-тайлатып жетелеген Давид Флекман болду. Орус классиктеринин академиялык мектебин окудук, Репин, Суриков, өзүмө жакыны Крамской, Тропинин, Рокотов. Биз менен бирге окугандардын кээси кой багып, кээси таксист болуп кетишти. Чымырканып иштеп жүргөңдөрү да бар. Кесиптеш курсташтарым Жолдошбек Казакбаев, Адыл Байтереков, Асанкул Байгазиев катар келатабыз.

Маектешкен Айгүл Бакеева

9-июнь, 2015-жыл.

Орозбек Молдобаев тарткан сүрөттөр



Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты